АКЫРЕТ АБАЛДАРЫ

(иллюстрациялык сүрөт)

Мээримдүү жана Ырайымдуу Алланын ысымы менен байштайм…

Акырет абалдарына Хашр жана Махшар, Эсеп-кысап жана Тараза, Хауз (Каусар), Шапаат жана Сырат кирет. Бул абалдар өлгөндөн соң тирилгенден кийин жүзөгө ашат.

Хашр жана Махшар

Хашр сөздүктө «топтолуу», «жыйналыш», «бир жерге келүү» деген маанилерге келсе, терминологияда Алла Тааланын бүткүл жандууну тирилтип, бир жерге топтошу дегенди туюнтат. Топтолгон жерге хашр деп айтылат. Бул боюнча Куранда көптөгөн аяттарда айтылат.

وَمَا مِن دَآبَّةٖ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَا طَٰٓئِرٖ يَطِيرُ بِجَنَاحَيۡهِ إِلَّآ أُمَمٌ أَمۡثَالُكُمۚ مَّا فَرَّطۡنَا فِي ٱلۡكِتَٰبِ مِن شَيۡءٖۚ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّهِمۡ يُحۡشَرُونَ (38)

“Жер үстүндөгү айбанат жана канаттары менен учкан куш да силер өңдүү жандуулар.[1]  Биз Китепте[2] эч нерсени таштап койгонубуз жок! Андан соң алар[3] өздөрүнүн Эгесинин алдында жыйналышат

(Анаам, 38)

يَوۡمَ يُنفَخُ فِي ٱلصُّورِۚ وَنَحۡشُرُ ٱلۡمُجۡرِمِينَ يَوۡمَئِذٖ زُرۡقٗا (102)

“Сурнай тартылган Күнү көнөөкөрлөрдү (көздөрү) көгөргөн[4] абалда жыйнайбыз”

(Таха, 102)

Мындан сырткары Улуу Китепте жалпы адамдардын жыйналышы (Худ, 103); жапайы айбанаттардын да топтолушу (Таквир, 5); сырлар ачыкка чыга турган күн экени (Тагабун, 9); адамдар ийиндеринен коркуп качып чыккан чегирткелер сыяктуу болору (Камар, 7-8) ачык-айкын баяндалган.

          Кыямат күнү Алла Таала Жерди өзү каалаган формага айлантат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) жердин ак жана жарык жайга айлантыларын аян кылган.[5] Бардык жандуу өлтүрүлүп, андан соң тирилгенден кийин дал ушул жайда – Махшарда топтолот.

          Махшарда периштелер, жиндер жана инсандар топтолот. Адамдардын улуу-кичүүсү, акылдуу-жиндиси, айтор бүт баары бир жерге топтолот. Ал тургай айбанаттар дагы. Бирок жан-жаныбарлар Аллага жооп бергенден кийин топуракка айланып кетет. Анткени алар мукаллаф эмес. Мукаллаф болгондор – адамдар. Жан-жаныбарлар бири-бирине акылары алынып-берилгенден кийин (бул да болсо Алланын чексиз адилеттүүлүгү!) топуракка айланганын көргөн каапырлар да алар сыяктуу жазаланбай, топуракка айланып кеткилери келет. Бул тууралуу Куранда:

إِنَّآ أَنذَرۡنَٰكُمۡ عَذَابٗا قَرِيبٗا يَوۡمَ يَنظُرُ ٱلۡمَرۡءُ مَا قَدَّمَتۡ يَدَاهُ وَيَقُولُ ٱلۡكَافِرُ يَٰلَيۡتَنِي كُنتُ تُرَٰبَۢا

(40)

«Акыйкатта Биз силерди жакында болуучу азаптар тууралуу эскерткенбиз! Ошол Күнү ар бир адам өз колу менен жасаганын көрөт. Ал эми каапыр: «Аттиң, топурак болуп кетсемчи!» деп айтат»

(Наба, 40)

Махшарда топтолуу рух жана дененин бир бүтүндүгү менен болот. Бир гана рухтар топтолот деген көз караш бар болсо да, бул кубаттуу эмес. Буга далил катары Алладан жүз бургандардын көзү көр,[6] жүзү кара болуп тирилери, ал эми момундардын жүзү жарык майданга (махшарга) келери айтылган.[7] Ал эми хадистерде инсандардын жылаңач, алгачкы төрөлгөндөй сүннөтсүз, жылаңач жана кемчилиги жок тирилтилери айтылган.[8] Ошондой эле Күн абдан жакындатылары, адамдар бул дүйнөдө болуп көрбөгөндөй терлээри,[9] бирок бул күнү 7 түрдүү адамдын Арштын көлөкөсүндө көлөкөлөп турары сүйүнчүлөнгөн.[10] Арштын көлөкөсүндө көлөкөлөй турган 7 киши булар: адилеттүү башчы, Аллага ибадат кылып чоңойгон жаш жигит, жүрөгү мечитке байланган киши, бири-бирин Алла үчүн сүйгөн момундар, уяттуу жигит, садага берген инсан, эч кимге көрсөтпөй Алла үчүн көз жаш төккөн киши.

Махшарга баары дүйнөдө кимге же эмнеге ишенип, кимге же эмнеге жалгашса, ошону менен келет.

يَوۡمَ نَدۡعُواْ كُلَّ أُنَاسِۭ بِإِمَٰمِهِمۡۖ فَمَنۡ أُوتِيَ كِتَٰبَهُۥ بِيَمِينِهِۦ فَأُوْلَٰٓئِكَ يَقۡرَءُونَ كِتَٰبَهُمۡ وَلَا يُظۡلَمُونَ فَتِيلٗا (71)

«Бардык элдерди өздөрүнүн жетекчилери менен чакыра турган күндү эсте. Алардын амал китептери оң колунан берилгендери аны окушат жана аларга кымындай да заалымдык көргөзүлбөйт»

(Исра, 71)

Дал ушул күнү Фараон да өз коомун тозокко баштап барат.[11]

Махшар боюнча «Манаста» да, акындар поэзиясында да кеңири айтылат. Алардын бири:

«Ар бандани илахым,

Явмул-жаза Махшарда

Салих кылып амалын

Насип кылсын жамалын

Кылмышың мында көп болсо

Кыямат жолу тар деген

Арамды билбей жегендер

Өлгөндө көрөт жазасын».[12]

Махшар абдан коркунучтуу, жан сыгылган, толкундатуучу жана күтүүчү жер. Махшарга топтолгон бүтүндөй адамзат тезирэк улуу эсеп-кысаптын башталышын каалайт. Бул үчүн пайгамбарларга, өзгөчө пайгамбарыбызга (с.а.в.) кайрылып, Алладан эсеп-кысапты тездетүүнү жана шапаат кылуусун өтүнүшөт. Мына ушул күнү чыныгы лидерлер пайгамбарлар экени айкын болот. Алардын жолунан жүргөндөр кутулат. Алланын элчилерин ээрчибегендер азапка тутулушат:

وَيَوۡمَ يَعَضُّ ٱلظَّالِمُ عَلَىٰ يَدَيۡهِ يَقُولُ يَٰلَيۡتَنِي ٱتَّخَذۡتُ مَعَ ٱلرَّسُولِ سَبِيلٗا (27)

يَٰوَيۡلَتَىٰ لَيۡتَنِي لَمۡ أَتَّخِذۡ فُلَانًا خَلِيلٗا (28)

لَّقَدۡ أَضَلَّنِي عَنِ ٱلذِّكۡرِ بَعۡدَ إِذۡ جَآءَنِيۗ وَكَانَ ٱلشَّيۡطَٰنُ لِلۡإِنسَٰنِ خَذُولٗا (29)

«Ал күндө заалым бармактарын тиштеп минтет: «О аттиң! Мен Пайгамбардын артынан ээрчисемчи?

Оо мен куруп калайын! Мен баланчаны дос кылбасамчы…

Ал мага келгенде мени Алланы эскерүүдөн тосту». Албетте, шайтан инсанды жарамсыз таштап кетет»

(Фуркан, 27-29)

Бул дүйнөдө Куран жана пайгамбар жолунда жашагандар үчүн Махшар кыйынчылыгы жеңил өтөт. Бир парз намазчалык убакытта…

Эсеп-кысап жана тараза

Махшарда жаамы адам баласы топтолгондон кийин улуу сот курулуп, дүйнөдө сооп-күнөөнү жазуучу периштелер тарабынан жазылган амал дептерлери ошол күнү ээлерине тапшырылат. Ар бир пенде дептерине карап эмне кылганын жана кылбаганын билип, ошого жараша кандай акыбет күтүп жатканын түшүнөт. Ыйык Куранда бул тууралуу:

وَكُلَّ إِنسَٰنٍ أَلۡزَمۡنَٰهُ طَٰٓئِرَهُۥ فِي عُنُقِهِۦۖ وَنُخۡرِجُ لَهُۥ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ كِتَٰبٗا يَلۡقَىٰهُ مَنشُورًا (13)

ٱقۡرَأۡ كِتَٰبَكَ كَفَىٰ بِنَفۡسِكَ ٱلۡيَوۡمَ عَلَيۡكَ حَسِيبٗا (14)

 “Ар бир инсандын мойнуна анын амалын илдик. Кайра тирилүү Күнүндө Биз алардын алдына китепти ачабыз[13]:

“китебиңди оку! Бүгүн сени жаның өзүңө эсеп кылууда жетиштүү…”

(Исра, 13-14).

Амал дептерлер ыйман келтирип, жакшы амал аткаргандарга оң жактан, жамандыктары себептүү тозокко түшчүлөргө сол тараптан же артынан берилет.

فَأَمَّا مَنۡ أُوتِيَ كِتَٰبَهُۥ بِيَمِينِهِۦ (7)

فَسَوۡفَ يُحَاسَبُ حِسَابٗا يَسِيرٗا (8)

وَيَنقَلِبُ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِۦ مَسۡرُورٗا (9)

وَأَمَّا مَنۡ أُوتِيَ كِتَٰبَهُۥ وَرَآءَ ظَهۡرِهِۦ (10)

فَسَوۡفَ يَدۡعُواْ ثُبُورٗا (11)

وَيَصۡلَىٰ سَعِيرًا (12)

«Анан кимдин китеби оң тарабынан берилсе,

Анда анын эсеп-кысабы да жеңил болот.

Ал жакындарына кубанган абалда кайтат.

Кимге эсеп-кысап китеби арт жагынан берилсе,

Ал өзүнө өлүм тилеп, жалдырайт.

Ошентип катуу күйгөн отко кирет»

(Иншикак, 7-12).

Башка бир аяти каримада:

فَأَمَّا مَنۡ أُوتِيَ كِتَٰبَهُۥ بِيَمِينِهِۦ فَيَقُولُ هَآؤُمُ ٱقۡرَءُواْ كِتَٰبِيَهۡ (19)

إِنِّي ظَنَنتُ أَنِّي مُلَٰقٍ حِسَابِيَهۡ (20)

فَهُوَ فِي عِيشَةٖ رَّاضِيَةٖ (21)

فِي جَنَّةٍ عَالِيَةٖ (22)

قُطُوفُهَا دَانِيَةٞ (23)

كُلُواْ وَٱشۡرَبُواْ هَنِيٓـَٔۢا بِمَآ أَسۡلَفۡتُمۡ فِي ٱلۡأَيَّامِ ٱلۡخَالِيَةِ (24)

وَأَمَّا مَنۡ أُوتِيَ كِتَٰبَهُۥ بِشِمَالِهِۦ فَيَقُولُ يَٰلَيۡتَنِي لَمۡ أُوتَ كِتَٰبِيَهۡ (25)

وَلَمۡ أَدۡرِ مَا حِسَابِيَهۡ (26)

يَٰلَيۡتَهَا كَانَتِ ٱلۡقَاضِيَةَ (27)

مَآ أَغۡنَىٰ عَنِّي مَالِيَهۡۜ (28)

هَلَكَ عَنِّي سُلۡطَٰنِيَهۡ (29)

خُذُوهُ فَغُلُّوهُ (30)

ثُمَّ ٱلۡجَحِيمَ صَلُّوهُ (31)

ثُمَّ فِي سِلۡسِلَةٖ ذَرۡعُهَا سَبۡعُونَ ذِرَاعٗا فَٱسۡلُكُوهُ (32)

إِنَّهُۥ كَانَ لَا يُؤۡمِنُ بِٱللَّهِ ٱلۡعَظِيمِ (33)

وَلَا يَحُضُّ عَلَىٰ طَعَامِ ٱلۡمِسۡكِينِ (34)

فَلَيۡسَ لَهُ ٱلۡيَوۡمَ هَٰهُنَا حَمِيمٞ (35)

«Мына, кимдин китеби[14] оң колуна берилсе, ал: «Мына, менин китебимди окугула!», – деп айтат.

Чындыгында мен сөзсүз эсеп-кысабыма жолугамын деп ойлогонмун», дейт...

Ал ыраазы болгон жашоодо (болот)

бийик (Бейиш) багында[15].

жемиштери салаңдап турат.

Өткөн күндөрдө калтырган жакшылыктарыңар үчүн «жегиле, ичкиле, (тамагыңар) таттуу болсун!»

Ал эми кимге китеби[16] сол тарабынан берилсе, ал: «Аттиң, китебим мага берилбей эле койсочу!» – дейт.

«Мен эсеп-кысабымды[17] билбей эле койсомчу!

Аттиң, ушул бүтүүчү болуп калсачы!

Мага байлыгым да жардам бербеди.

Далилим[18] да кыйроого учурады!» (– дейт)

«Аны кармап байлагыла,

анан Тозокко таштагыла!

Узундугу жетимиш зираа[19] чынжыр менен таңгыла!

Албетте, ал Улуу Аллага ишенген эмес!

Жакырларга тамак берүүгө үндөгөн эмес![20]»

Анын бүгүн арачалап калар жакыны жок»

(Хаакка, 19-35).

Эсеп-кысап, улуу сурак жана амал дептерлери боюнча Курандын баяны ачык жана так. Ар бир пенде үчүн Кироман каатибин периштесинин дептер ачып, ага сооп-күнөөлөрдү жазганы, кыямат күнү бул дептер ачылары, инсандын кылган ар бир иш-аракети деталдуу түрдө айкын болору, кымынча жакшылык кылган киши анын акыбетин көрөрү, ошондой эле тырмактай жамандык кылган пенденин аны да көрөрү билдирилген. Амал дептери оң тараптан берилгендердин эсеп-кысабы оңой, ал эми сол жагынан берилгендердики өтө оор болору кабарланган.

Махшарда инсандар оболу ыймандан, ыйманы бар кишилер амалынан суралат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) амалдардын ичинен намаздын биринчи сураларын айткан.[21] Мына ушул себептен момун-мусулман намазга абдан маани берип, жоопкерчилик менен окуп, үй-бүлөсүнө үйрөтүшү керек.

Махшар күнү кимдер эмне боюнча сурак берери тууралуу мындай тизмектесек болот:

1) Жөөттөр жана христиандар Алланын аял жана уул күтүнүп-күтүнбөгөнү боюнча;

2) Мушриктер ширктигинен;

3) пайгамбарлар үммөттөрүнөн жана аларга кылган иршадынан (чакырыгынан);

4) Текебер киши текеберлигинен;

5) момундар амалдарынан: намазынан, башка ибаддаттарынан, зулумдугунан, өмүрүнөн, мал-мүлкүнөн, денесинен, илим-билиминен ж.б. суракка тартылат. Мында жаш балдарга, акыл-эси толук болбогондорго, жиндилерге сурак жүргүзүлбөйт. Мушриктердин балдары да бейишке киришет.[22]

Амал дептерлеринин берилиши, улуу эсеп-кысап, тактап айтканда Алла Таала билген жана тагдыр кылган таризде амалдардын таразага тартылышы – хакк. Бирок булардын кайфиятын (кандайлыгын) Алла гана билет.

وَنَضَعُ ٱلۡمَوَٰزِينَ ٱلۡقِسۡطَ لِيَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ فَلَا تُظۡلَمُ نَفۡسٞ شَيۡـٔٗاۖ وَإِن كَانَ مِثۡقَالَ حَبَّةٖ مِّنۡ خَرۡدَلٍ أَتَيۡنَا بِهَاۗ وَكَفَىٰ بِنَا حَٰسِبِينَ (47)

“Биз Кыямат Күнү үчүн туура таразаларды жайгаштырабыз. Бир да жанга зулум кылынбайт. А эгерде сары кычынын[23] данынын салмагындай эле (амал) болсо, анысын келтирер элек. Биз толук жетерлик эсепчибиз”

(Анбия, 47)

فَأَمَّا مَن ثَقُلَتْ مَوَازِينُهُ

فَهُوَ فِي عِيشَةٍ رَّاضِيَةٍ

وَأَمَّا مَنْ خَفَّتْ مَوَازِينُهُ

فَأُمُّهُ هَاوِيَةٌ

وَمَا أَدْرَاكَ مَا هِيَهْ

“Демек, ошол күнү кимдин таразасы[24] оор болсо,

анда ал ыраазы боло турган жашоодо (болот).

Ал эми кимдин таразасы жеңил болсо,

анда анын бара турган жери жар болот.

Анын[25] эмне экенин кайдан билет элең?!”

(Каария, 6-10)

Муътазила өкүлдөрү амалдардын таразага тартылышын жокко чыгарат. Бирок ахли сүннөт аалымдары мизанды бар деп билип, о дүйнөнүн мыйзам-закондору бул дүйнөнүкүнө окшобогонун билдиришет. Баарына илими жана кудирети толук жеткен Алла Таала үчүн бул нерсе опоңой эмеспи.

«Акыретке барганда,

Адам уулу тергелер.

Бенденин кылган күнөөсүн

Өзү кылган жер көрөр».[26]

Хауз (Каусар)

“Хазрати илим манзили

Хаузи каусар шарбатта

Азали тагдыр албатта

Жалакасын (жалгасын) жан эгем

Пайгамбарым сүннатин

Дайим тилап накабыл”

(Молдо Нияз)

Акыретте ар пайгамбардын бир хаузу болот. Ал хауздардан пайгамбарлар жана өз үммөттөрү ичишет (Алла каалагандары гана). Ошол күнү Азирети Мухаммеддин да бир хаузу болот. Ыйык Куранда:

إِنَّآ أَعۡطَيۡنَٰكَ ٱلۡكَوۡثَرَ (1)

“Биз сага Каусарды бердик”

(Каусар, 1)

Пайгамбарыбызга Алла Тааланын белеги жана жакшылыгы болгон бул хауздан[27] Аз. Мухаммеддин үммөтүнөн Алла каалагандар гана ичет.  Тафсирчилер Каусардан максат Каусар хаузу же бейиштеги бир дарыя максат кылынганын айтышат. Пайгамбарыбыз Каусар тууралуу мындай деген: «Менин хаузумун бир жээги бир айлык жол (абдан чоң). Суусу сүттөн ак, жыты мисктен жыттуу. Кеселери көктөгү жылдыздардан да көп. Андан бир жолу ичкен киши эч качан суусабайт».[28]

Шапаат

Шапаат – расулдар (элчилер), набилер, аалымдар жана Алла Таала уруксат берген кишилердин Улуу Жараткандын уруксаты менен момундардан айрымдарынын кечирилишин же болбосо Алланын даргөйүндөгү даражаларынын көтөрүлүшүн суранып-талап кылуусу.[29]   

 «Нур Мукамбет пайгамбар

Үмүткөрбүз көп жандар»

(Молдо Кылыч, «Кысса-и Зилзала»)

«Пайгамбарлар хурмати

Сарсан кылма гарипни»

(Молдо Нияз, «Санат дигарасттар»)

Ахли сүннөттүн көз карашында момундардан чоң күнөө кылгандар үчүн да шапаат өтүмдүү.[30] Башкача айтканда, чоң күнөө кылгандарга да шапаат кылынат. Бирок Алланын уруксаты болмоюн эч ким эч кимге шапаат кыла албайт. Ошондой эле Алла уруксат бербегендерге да шапаат кылынбайт.

يَعۡلَمُ مَا بَيۡنَ أَيۡدِيهِمۡ وَمَا خَلۡفَهُمۡ وَلَا يَشۡفَعُونَ إِلَّا لِمَنِ ٱرۡتَضَىٰ وَهُم مِّنۡ خَشۡيَتِهِۦ مُشۡفِقُونَ (28)

«Ал аларга чейинки болгондорду да, андан кийинки боло турганды да билип турат, а алар кудайдын алкышына татыгандардан башка, эч кимге шапаатчы боло алышпайт. Алар Андан коркконунан калтырашат»

(Анбия, 28).

Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) эң улуу шапааты – Шафаат-и узма болуп, жалпы адамдын тезирээк эсеп-кысапка тартылышы үчүн Жараткан Алла Тааладан суранышы эсептелет.[31] Ошондой эле ал (с.а.в.) Алланын уруксаты менен момундардын бир бөлүгүнүн бейишке сураксыз киришине, тозоку болуп табылган бир топ момундардын азаптуу жайдан кутулушуна, тозокко түшүп калган айрм момундардын андан чыгышына, бейиштиктердин даражасынын көтөрүлүшүнө, үммөтүнүн күнөөсү сообунан көп болуп калган кээ бирлерине, тозокто түбөлүк калган каапырлардын азабынын жеңилдешине, мушриктердин балдардынын азапка дуушар болбошуна шапаат кылат.

«Падышалардын падышасы

Жан эгемнин бир аты

Жаббар деп үмүт кылабыз

Өз нурудан берип,

Ата уулуну Мухаммед

Хабиб деп үмүт кылабыз.

Жазыктуу банда күнахкар

Жан эгем берсин ыйманды

Шайтан жолдон чыгарат

Хам сүт эмген бандани

Пайгамбарым үммат деп

Датсхар болсун махшарда

Аси, жафи гамрахни

Кыяматдин хауфи ким».[32]

Демек шапаат хак. Шапаатты үмүт кылгандарда кутулуу мүмкүнчүлүгү көп. Албетте Алла Тааланын уруксаты менен гана ишке ашат бул жакшылык.

إِنَّ رَبَّكُمُ ٱللَّهُ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ فِي سِتَّةِ أَيَّامٖ ثُمَّ ٱسۡتَوَىٰ عَلَى ٱلۡعَرۡشِۖ يُدَبِّرُ ٱلۡأَمۡرَۖ مَا مِن شَفِيعٍ إِلَّا مِنۢ بَعۡدِ إِذۡنِهِۦۚ ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ رَبُّكُمۡ فَٱعۡبُدُوهُۚ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ (3)

“Акыйкатта, силердин Эгеңер Алла асмандар менен жерди алты күндө жараткан, андан соң Аршка ээлик кылып, келечек ишке өкүм чыгарат. Андан уруксатсыз эч ким шапаатчы[33] боло албайт. Мына ушул – Алла, — силердин Эгеңер. Ага (гана) сыйынгыла. Эсиңерге келбейсиңерби?!”

(Юнус, 3)

Муътазила шапаатты кабыл алган эмес. Алардын ою боюнча чоң күнөөлөргө шапаат жок, ал эми кичи күнөөлөр ансыз да кечирилген имиш. Ошондой эле азыркы тапта чыгып жаткан мазхабсыз тайпалар да шапаат түшүнүгүн тарытып, маанисинен оолактатып келет. Бирок алардын бул аракети негизсиз жана таухидди манипуляциялоодон ары өтпөгөн иш.

Сырат

Сөздүк мааниси «жол» дегени туюнткан сырат тозоктун үстүндөгү жол, көпүрө. Момундар бейишке ушул жолдон өтүп киришет. Андан өтө албагандар тозокко түшөт.

وَإِن مِّنكُمۡ إِلَّا وَارِدُهَاۚ كَانَ عَلَىٰ رَبِّكَ حَتۡمٗا مَّقۡضِيّٗا (71)

ثُمَّ نُنَجِّي ٱلَّذِينَ ٱتَّقَواْ وَّنَذَرُ ٱلظَّٰلِمِينَ فِيهَا جِثِيّٗا (72)

“Силердин ичиңерден эч ким анын[34] алдында болбой кала албайт. Бул Эгеңдин (шексиз болуучу) милдеттүү өкүмү.

Андан соң такыбаларды куткарабыз, а заалымдарды анда чөгөлөтүп калтырабыз”

(Марям, 71-72)

Жогорку аятта ар бир жан тозокко жолугары (үстүнөн көрүп), бейишке тозоктон өтөрү маалымдалууда. Ал эми бул аятта да да сыратка ишаара бар.

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ تُوبُوٓاْ إِلَى ٱللَّهِ تَوۡبَةٗ نَّصُوحًا عَسَىٰ رَبُّكُمۡ أَن يُكَفِّرَ عَنكُمۡ سَيِّـَٔاتِكُمۡ وَيُدۡخِلَكُمۡ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ يَوۡمَ لَا يُخۡزِي ٱللَّهُ ٱلنَّبِيَّ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مَعَهُۥۖ نُورُهُمۡ يَسۡعَىٰ بَيۡنَ أَيۡدِيهِمۡ وَبِأَيۡمَٰنِهِمۡ يَقُولُونَ رَبَّنَآ أَتۡمِمۡ لَنَا نُورَنَا وَٱغۡفِرۡ لَنَآۖ إِنَّكَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ (8)

«Эй ыймандуулар! Аллага чындап тообо кылгыла! Балким Эгеңер күнөөңөрдү кечирип, силерди астынан дарыялар агып турган Бейиш бактарына киргизер. Ошол Күндө Алла пайгамбарды жана аны менен бирге ыймандууларды кейитпейт. Алардын нурлары алдыларында да, оң тарабында да кошо жүрөт. Ошондо алар: «Эгебиз! Биздин нурларыбызды толукта жана бизди кечир. Анткени Сен бардык нерсеге Кудиреттүүсүң», – деп айтышат»

(Тахрим, 8).

Азирети пайгамбарбыздын (с.а.в.) да сырат тууралуу хадистери көп. Бул алардын бири:

عن أبي سعيد الخدري رضي الله عنه مرفوعاً: «يُوضَعُ الصِّراط بين ظَهْرَي جهنم، عليه حَسَكٌ كحَسَك السَّعْدان، ثم يستجيز الناس، فناجٍ مُسَلَّم، ومَجْدوح به ثم ناجٍ، ومحتبَس به فمنكوسٌ فيها، فإذا فرغ اللهُ عز وجل من القضاءِ بين العباد، يفقد المؤمنون رجالًا كانوا معهم في الدنيا يُصلُّون بصلاتهم، ويُزَكُّون بزكاتهم، ويصومون صيامهم، ويحجُّون حجَّهم ويغزون غزوَهم فيقولون: أي ربنا عبادٌ من عبادك كانوا معنا في الدنيا يُصلُّون صلاتنا، ويُزَكُّون زكاتنا، ويصومون صيامنا، ويحجُّون حجَّنا، ويغزون غزوَنا لا نراهم، فيقول: اذهبوا إلى النار فمن وجدتم فيها منهم فأخرجوه، قال: فيجدونهم قد أخذتهم النارُ على قَدْر أعمالهم، فمنهم مَن أخذته إلى قدميه، ومنهم مَن أخذته إلى نصف ساقيه، ومنهم مَن أخذته إلى رُكبتيه، ومنهم من أخذته إلى ثَدْيَيْه، ومنهم من أزرته، ومنهم من أخذته إلى عنقه، ولم تَغْشَ الوجوهَ، فيستخرجونهم منها فيُطرحون في ماء الحياة»، قيل: يا رسول الله وما الحياة؟ قال: «غسل أهل الجنة فينبتون نباتَ الزرعة» وقال مرة: «فيه كما تنبت الزرعة في غُثاء السَّيل، ثم يشفع الأنبياء في كلِّ من كان يشهد أن لا إله إلا الله مخلِصًا فيخرجونهم منها» قال: «ثم يتحنَّنُ اللهُ برحمته على من فيها، فما يترك فيها عبدًا في قلبه مثقالُ حبَّة من إيمان إلا أخرجه منها».

[صحيح] — [رواه ابن ماجه مختصرًا وأحمد]

Абу Саид аль-Худуриден (марфуъ) риваят кылынганы боюнча Азирети Мухаммед (с.а.в.) мындай деди: «Сырат – Тозоктун ортосуна курулат. Сыраттын үстүндө Саъданын (өрөөн) тикендери сыяктуу тикендер бар. Андан соң адамдарга Сыраттан өтүүгө уруксат берилет. Анын үстүнөн өтүшөт. Алардан айрымдарына тикен зыян бере албайт. Айрымдары тикенге кабылып, денелери тытылып, башы жерге, буту асманга карап калат. Алла Таала кулдары арасында өкүм берүүнү аяктаган соң, момун кишилер дүйнөдө алар менен бирге намазын окуган, зекетин берген, орозолорун туткан, ажылыгын аткарган жана дин жолунда согушкан кишилерди көрө албай, «Оо Раббибиз, кулдарыңдан кээ бирлери биз менен бирге намазын окуп, зекетин берип, орозосун тутуп, ажылыгын кылып жана биздин саптарда ийиндешип согушат эле. Аларды көрбөй жатабыз», – дешет. Алла Таала (кызматчы периштелерине): «Тозокко баргыла, алардан кимди тапсаңар чыгаргыла», – деп буйрук кылат. (Периштелер) аларды амалдарынын өлчөмүнө жараша тозоктон табышат. От алардын бирөөлөрүнүн буттарына чейин, бирөөлөрүнүн балтырларынын жарымына чейин, бирөөлөрүн тизесине чейин, бирөөлөрүнүн иъзар тушуна (белине) чейин, дагы бирөөлөрүнүн мойнуна чейин орогон болот. Бирок тозок алардын жүзүн курчабайт. (Кызматчы периштелер) аларды тозоктон чыгарып, жашоо суусуна чайынтышат».Ошол маалда Алланын элчисине «жашоо суусу эмне?» деп суралат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мындай дейт: «Ал бейиш элинин чайынып-жуунуп, гүлдөй болуп кулпурткан суу» деп жооп берет. Бир жолкусунда «Анда сел менен келген жана селдин ичинде өнгөн гүл сыяктуу өнүшөт. Андан кийин пайгамбарлар ыклас менен Алладан башка ибадатка татыктуу эч бир кудай жок экенине күбөлүк берген ар бирине шапаат кылышат жана аларды ал жерден чыгарышат. Андан соң Алла Таала ырайымы менен тозокто болгон (ыймандуу) инсандарды кечирет жана жүрөгүндө кымындай ыйманы болгон эч бир кулун таштабай, ал жактан чыгарат». [35]

Башка хадистерде момундар кылган амалына жараша Сыраттан өтө тез, кээ бирлери жай өтөрү айтылса, каапыр жана мунафыктардын буттары сүйрөлүп, тозокко ыргытылары кабар берилет.[36]

«Кыямат кайым жолунда

Кыл көпрүк – сырат дейт.

Кылычтан өткүр кылга окшоп,

Кылдан бир жолду курат дейт.»[37]

Сыраттын кылдан ичке, кылычтан курч экени кабарларда билдирилет. Бирок анын кандай экен Аллага гана маалым. Андан момундар кыйынчылыксыз, машакатсыз өтсө, каапырлар өтө албай, тозокко карай тоголонот. Момундардын ичинен сообу көптөр чагылгандай тез өтсө, күнөөлөрү көптөр азапка дуушар болуп, кыйынчылык менен өтүшөт. Кээ бир күнөөкөр момундар өтө албай, тозокко кулайт.

«Кыямат күнү айдаса,

Минип өтсүн буракка

Кыл көпрүк сыратка

Эч көрбөгүн азапты

Үмүт кылган дубам шу:

Улук болсун урматың

Гылман кылсын кызматың

Үр кыздар болсун алганың».[38]

          Жыйынтыктап айтканда, тозоктун үстүнө сыраттын курулушу хак. Бирок анын кайфияты (кандай экени) Аллага гана маалым. Бул сыноо жашоосунда Алла Таала ыраазы боло тургандай жашап, жакшы амалдарды көп-көп аткарган момун-пенделер о дүйнөдөгү сырат көпүрөсүнөн кыйынчылыксыз өтүшөт.

Арааф

Арааф тозок менен бейиштин ортосундагы жер. Бейиш менен тозокту перде бөлүп турат. Жакшы жана жаман амалдары теңелип калгандар Араафта күтөт жана кийинчерээк бейишке кирет. Ыйык Куранда Арааф тууралу мындайча айтылат.

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا وَٱسۡتَكۡبَرُواْ عَنۡهَا لَا تُفَتَّحُ لَهُمۡ أَبۡوَٰبُ ٱلسَّمَآءِ وَلَا يَدۡخُلُونَ ٱلۡجَنَّةَ حَتَّىٰ يَلِجَ ٱلۡجَمَلُ فِي سَمِّ ٱلۡخِيَاطِۚ وَكَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُجۡرِمِينَ (40)

لَهُم مِّن جَهَنَّمَ مِهَادٞ وَمِن فَوۡقِهِمۡ غَوَاشٖۚ وَكَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلظَّٰلِمِينَ (41)

وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَا نُكَلِّفُ نَفۡسًا إِلَّا وُسۡعَهَآ أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡجَنَّةِۖ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ (42) وَنَزَعۡنَا مَا فِي صُدُورِهِم مِّنۡ غِلّٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهِمُ ٱلۡأَنۡهَٰرُۖ وَقَالُواْ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِي هَدَىٰنَا لِهَٰذَا وَمَا كُنَّا لِنَهۡتَدِيَ لَوۡلَآ أَنۡ هَدَىٰنَا ٱللَّهُۖ لَقَدۡ جَآءَتۡ رُسُلُ رَبِّنَا بِٱلۡحَقِّۖ وَنُودُوٓاْ أَن تِلۡكُمُ ٱلۡجَنَّةُ أُورِثۡتُمُوهَا بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ (43)

وَنَادَىٰٓ أَصۡحَٰبُ ٱلۡجَنَّةِ أَصۡحَٰبَ ٱلنَّارِ أَن قَدۡ وَجَدۡنَا مَا وَعَدَنَا رَبُّنَا حَقّٗا فَهَلۡ وَجَدتُّم مَّا وَعَدَ رَبُّكُمۡ حَقّٗاۖ قَالُواْ نَعَمۡۚ فَأَذَّنَ مُؤَذِّنُۢ بَيۡنَهُمۡ أَن لَّعۡنَةُ ٱللَّهِ عَلَى ٱلظَّٰلِمِينَ (44)

ٱلَّذِينَ يَصُدُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ وَيَبۡغُونَهَا عِوَجٗا وَهُم بِٱلۡأٓخِرَةِ كَٰفِرُونَ (45)

وَبَيۡنَهُمَا حِجَابٞۚ وَعَلَى ٱلۡأَعۡرَافِ رِجَالٞ يَعۡرِفُونَ كُلَّۢا بِسِيمَىٰهُمۡۚ وَنَادَوۡاْ أَصۡحَٰبَ ٱلۡجَنَّةِ أَن سَلَٰمٌ عَلَيۡكُمۡۚ لَمۡ يَدۡخُلُوهَا وَهُمۡ يَطۡمَعُونَ (46)

۞وَإِذَا صُرِفَتۡ أَبۡصَٰرُهُمۡ تِلۡقَآءَ أَصۡحَٰبِ ٱلنَّارِ قَالُواْ رَبَّنَا لَا تَجۡعَلۡنَا مَعَ ٱلۡقَوۡمِ ٱلظَّٰلِمِينَ (47)

وَنَادَىٰٓ أَصۡحَٰبُ ٱلۡأَعۡرَافِ رِجَالٗا يَعۡرِفُونَهُم بِسِيمَىٰهُمۡ قَالُواْ مَآ أَغۡنَىٰ عَنكُمۡ جَمۡعُكُمۡ وَمَا كُنتُمۡ تَسۡتَكۡبِرُونَ (48)

أَهَٰٓؤُلَآءِ ٱلَّذِينَ أَقۡسَمۡتُمۡ لَا يَنَالُهُمُ ٱللَّهُ بِرَحۡمَةٍۚ ٱدۡخُلُواْ ٱلۡجَنَّةَ لَا خَوۡفٌ عَلَيۡكُمۡ وَلَآ أَنتُمۡ تَحۡزَنُونَ (49)

وَنَادَىٰٓ أَصۡحَٰبُ ٱلنَّارِ أَصۡحَٰبَ ٱلۡجَنَّةِ أَنۡ أَفِيضُواْ عَلَيۡنَا مِنَ ٱلۡمَآءِ أَوۡ مِمَّا رَزَقَكُمُ ٱللَّهُۚ قَالُوٓاْ إِنَّ ٱللَّهَ حَرَّمَهُمَا عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ (50)

ٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُواْ دِينَهُمۡ لَهۡوٗا وَلَعِبٗا وَغَرَّتۡهُمُ ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَاۚ فَٱلۡيَوۡمَ نَنسَىٰهُمۡ كَمَا نَسُواْ لِقَآءَ يَوۡمِهِمۡ هَٰذَا وَمَا كَانُواْ بِـَٔايَٰتِنَا يَجۡحَدُونَ (51)

“Чындыгында, ким Биздин аяттарды четке какса, текебер болсо, аларга асмандардын дарбазалары ачылбайт жана төө ийненин көзүнөн өткөнгө чейин[39] Бейишке киришпейт. Күнөөкөрлөрдү ушундай жазалайбыз.

Тозок алардын төшөнчүсү да, жамынчысы да болот.  Заалымдардын жазасын ушинтип беребиз.

Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандар – Бейиш эли жана алар ал жерде түбөлүккө калышат. Биз ар бир  жанга ал көтөрө албаганды[40]  жүктөбөйбүз.

Алардын жүрөктөрүндөгү кайгыларды Биз алып салабыз. Алардын алдынан дарыялар агып турат жана алар: “Бардык мактоо бизди туура жолго салган Аллага болсун! Эгер Алла бизди туура жолго салбаганда, туура жолду таба албайт элек. Акыйкатта, Эгебиздин элчилери чындыкты айтышкан”, – дешет. Анан аларга: “Мына, Бейиш бактары! Силер өзүңөр жасаган иштериңер үчүн ушунун мураскору болдуңар”, – деген үн чыгат.

Бейиш эли  Тозок элине кайрылып: “Эгебиз, бизге убада кылгандарын биз чындык деп, кабыл алдык. Силер да Эгеңердин убадасынын чындык экенине ишендиңерби?” – деп сурашат. Алар[41]: “Ооба”, – дешет. Ошондо алардын арасынан бирөө: “Алланын каргышы – заалымдарга[42]!” – деп жар салат.

Алар Алланын жолунан (адамдарды) тосуп, ал жолду бурмалагандар  Акыретке да ишенишпейт.

Алардын ортосунда тосмо дубал бар. “Арааф”[43] – тосмонун өйдө жагында баарын белгилеринен тааныган адамдар бар. Алар бейиш ээлерине:[44] “Силерге Алланын тынчтыгы болсун!” – деп үн салат. Алар[45] – али Бейишке киришкен эмес. Бирок үмүт кылып[46] тургандар.

Качан алардын көздөрү тозок жакка бурулган кезде: “Оо, Эгебиз!  Бизди заалым-каапыр адамдар менен чогуу кыла көрбө!” – дешет.

Араафтагылар тозоктогуларды белгилеринен таанып: “Силердин текеберлигиңер жана жыйнагандарыңар пайда бербедиби?” – деп кыйкырып сурашат.

(Алла момундарга тозоктогуларды көрсөтүп) аларга:[47] “Алланын ырайымы тийбейт”, – деп ант ичпедиңер беле? Бейишке киргиле[48]! Силерге (эми) коркунуч да кайгы да жок,” – деп айтылат.

Тозоктогулар Бейиштегилерге: “Алланын силерге берген сууларынан жана ырыскыларынан бизге да бергилечи” – деп кыйкырышат. Алар: “Ырасында, Алла ал экөөсүн тең каапырларга арам кылган”, – дешет.

Алар – диндерин оюн-зоокко айландырышып, дүйнө жашоосу азгыргандар. Алар ушул күнгө жолугарын унутуп, аяттарыбызды четке каккандай, эми Биз да аларды унутабыз”.[49]

(Арааф, 40-51)

Тозок  (жаханнам) Сырат көпүрөсүнүн алдындагы жалындаган жазалоочу жер. Адамдардын ал жерде жазаланышы Алла Тааланын адилеттигинин тажаллиси (чагылуусу). Дүйнөдө Алланы жана динин унуткандар, шылдыңдап мыскылдагандар, акыретте “унутулуп” (Алланын ырайымынан кол жууп) маскарага, шылдыңга калышат. Арааф болсо тозок менен бейиштин ортосундагы убактылуу аялдама…

Даярдаган: Самидин кары Атабаев, Азирети Муфтийдин 1-орун басары


[1] Алардын баары силер өңдүү эле жаралат жана ырыскы берилет.

[2] Лавх-Махфууз – тагдыр жазылган тактай.

[3] Бардык жан-жаныбарлар жана адамдар.

[4] жүздөрү түнөргөн, көздөрү көгөргөн (жагымсыз)…

[5] Бухари, Рикак 44.

[6] Тоха, 124-26

[7] Аали Имран, 106-107; Абаса, 38-43

[8] Бухари, Рикак 45; Муслим, Жаннат 41

[9] Бухари, Рикак 52; Муслим, Жаннат 62

[10] Бухари, Азан 76; Муслим, Зухд 91; Тирмизи, Зухд 53

[11] Хууд, 98

[12] Моло Нияз, Санат дигарасттар

[13] Амалдары жазылган китеп.

[14] Амал китеби

[15] Бейиште

[16] амал китеби

[17] жазамды

[18] Бийлигим

[19] Адамдын колунун чыканагына чейинки өлчөм

[20] — деп Тозок калоочуларына Алла Таала буйрук берет

[21] حَدَّثَنَا أَبُو بَكْرِ بْنُ أَبِى شَيْبَةَ وَمُحَمَّدُ بْنُ بَشَّارٍ قَالاَ حَدَّثَنَا يَزِيدُ بْنُ هَارُونَ عَنْ سُفْيَانَ بْنِ حُسَيْنٍ عَنْ عَلِىِّ بْنِ زَيْدٍ عَنْ أَنَسِ بْنِ حَكِيمٍ الضَّبِّىِّ قَالَ قَالَ لِى أَبُو هُرَيْرَةَ إِذَا أَتَيْتَ أَهْلَ مِصْرِكَ فَأَخْبِرْهُمْ أَنِّى سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم يَقُولُ « إِنَّ أَوَّلَ مَا يُحَاسَبُ بِهِ الْعَبْدُ الْمُسْلِمُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ الصَّلاَةُ الْمَكْتُوبَةُ فَإِنْ أَتَمَّهَا وَإِلاَّ قِيلَ انْظُرُوا هَلْ لَهُ مِنْ تَطَوُّعٍ فَإِنْ كَانَ لَهُ تَطَوُّعٌ أُكْمِلَتِ الْفَرِيضَةُ مِنْ تَطَوُّعِهِ ثُمَّ يُفْعَلُ بِسَائِرِ الأَعْمَالِ الْمَفْرُوضَةِ مِثْلُ ذَلِكَ » (Ибну Маажа, Икооматус-салаа, 202).

[22] Келам: Тарих, Эколлер, Проблемлер//Сефахеттин Гөлжүк, Сүлейман Топрак, 468-б.

[23] Сары кычы – эгиндин арасына чыгуучу сары гүлдүү отоо чөп (Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнөн).

[24] Сооп амалдары.

[25] Жардын.

[26] М. Абдылдаев, 94

[27] عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «بَيْنَمَا أَنَا أَسِيرُ فِي الجَنَّةِ، إِذَا أَنَا بِنَهَرٍ، حَافَتَاهُ قِبَابُ الدُّرِّ المُجَوَّفِ، قُلْتُ: مَا هَذَا يَا جِبْرِيلُ؟ قَالَ: هَذَا الكَوْثَرُ، الَّذِي أَعْطَاكَ رَبُّكَ، فَإِذَا طِينُهُ -أَوْ طِيبُهُ- مِسْكٌ أَذْفَرُ» https://hadeethenc.com/ar/browse/hadith/65181.

[28] Тирмизи, Кыямат 14-15

[29] Келам: Тарих, Эколлер, Проблемлер//Сефахеттин Гөлжүк, Сүлейман Топрак, 470-б.

[30] Абу Дауд, Сунан, Суннат 21; Ибн Маажа, Зухд 37; Тирмизи, Кыямат 11; Ахмад бин Ханбал, Муснад 3-т., 213-б.

[31] عن حذيفة بن اليمان وأبي هريرة رضي الله عنهما مرفوعاً: «يجمع الله -تبارك وتعالى- الناس فيقوم المؤمنون حتى تُزْلَفَ لهم الجنة، فيأتون آدم صلوات الله عليه، فيقولون: يا أبانا استفتح لنا الجنة، فيقول: وهل أخرجكم من الجنة إلا خطيئة أبيكم! لست بصاحب ذلك، اذهبوا إلى ابني إبراهيم خليل الله، قال: فيأتون إبراهيم فيقول إبراهيم: لستُ بصاحب ذلك إنما كنت خليلا من وراءِ وراء، اعمدوا إلى موسى الذي كلمه الله تكليما، فيأتون موسى، فيقول: لستُ بصاحب ذلك، اذهبوا إلى عيسى كلمة الله وروحه، فيقول عيسى: لست بصاحب ذلك، فيأتون محمدا صلى الله عليه وسلم فيقوم فيؤذن له، وتُرسَلُ الأمانة والرحم فيقومان جَنْبَتَي الصِّرَاطَ يمينا وشمالا فيَمُرُّ أوَّلُكُم كالبَرْقِ» قلتُ: بأبي وأمي، أي شيء كَمَرِّ البرْقِ؟ قال: «ألم تروا كيف يمر ويرجع في طَرْفِة عَيْنٍ، ثم كَمَرِّ الرِّيح، ثم كَمَرِّ الطَّيْرِ، وشَدِّ الرِّجال تجري بهم أعمالهم، ونبيكم قائم على الصراط، يقول: رب سَلِّمْ سَلِّمْ، حتى تعجز أعمال العباد، حتى يجيء الرجل لا يستطيع السير إلا زَحْفَا، وفي حافتي الصراط كَلالِيبُ مُعَلَّقَةٌ مأمورة بأخذ من أُمِرَتْ به، فَمَخْدُوشٌ نَاجٍ، ومُكَرْدَسٌ في النار». والذي نفس أبي هريرة بيده، إن قَعْرَ جهنم لسبعون خريفا https://hadeethenc.com/tr/browse/hadith/5865.

[32] Молдо Нияз, Сана Дигарасттар 78-б.

[33] Будпарастардын түшүнүгү бойунча Алла менен адамдардын ортосунда ортомчу б.а. коргоочулар бар. Христиандар да Исаны Кудай менен адамдын ортосундагы куткаруучу деп эсептешет.

[34] Тозоктун.

[35] https://hadeethenc.com/tr/browse/hadith/8287

[36] Бухари, Рикак 48; Муслим, Ийман 81; Ибн Маажа, Зухд 33

[37] «Ыйман жарчылары», 9-б.

[38] Молдо Нияз, Санат дигарасттар, 115-16.

[39] А бул такыр мүмкүн эмес. Демек алар түбөлүк тозокто калышат.

[40] Милдетти, сыноону, кыйынчылыкты

[41] Тозоктогулар

[42] Өз бактысына өзү заалымдык, таш боордук кылып, өз жаратуучусуна ибадат кылбай, өмүрүн текке кетирген терсаяктык, текеберлик кылгандарга

[43] Арааф – Бейиш менен Тозокту бөлүп турган бийик тосмо дубал

[44] Арьааф дубалынын үстүндө тургандар

[45] Арааф дубалынын үстүндө тургандар

[46] Бейишке кирүүнү

[47] момундарга

[48] деп момундарга айтылат

[49] Аларды азапка таштайбыз