Кара-Суудагы «Зам Зам» мечити тарабынан 100 үй-бүлөгө жардам баштыкчалары таратылды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы «Зам Зам» мечитинин имамы Илхомжон Дилшадбек уулу жергиликтүү жамаат жана «Караван ихлас» фонду менен биргеликте 100 үй-бүлөгө жардам баштыкчаларын таратты.

Жардам баштыкчасында 10 кг ун, 4 литр май, 5 кг макарон, күрүч, гречка, кум шекер, чай, туз сыяктуу тамак-аш үчүн керектелүүчү азыктар камтылган. Кайрымдуулуктун жалпы суммасы 203500 сомду түздү.

«Зам зам» мечитинин имамы жана жергиликтүү жамаат биргеликте,  2024-жылдагы Рамазан айында экинчи жолу кайрымдуулук уюштуруп жатышат. Анткени «Караван ихлас» фондун имамы өзү жетектегендиктен, элден-элге берүүдө ишенимдүү кызмат көрсөтүп келет. Негизи эле районубуздагы көп мечит имамдары Рамазан айында эки жолудан кайрымдуулук иштерин өткөрүп коюшту. Бул башка мечит имамдарына да үлгү болот деп ишенебиз», — деди баш имам-хатиб Абдирашит ажы Батыров.