Бакытбек ажы Убабеков: «Кимдин колунан келсе, орозолуулардын оозун ачырсын»

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылынын атын атагысы келбеген  тургуну 50 муктаж үй-бүлөгө кайрымдуулук жасады. Демилгени баш имам-хатиб Бакытбек ажы Убабеков жана «Амир» мечитинин имамы Идрис ажы Юбуров колго алышып, «Амир» мечитинде азык-түлүктөрдү таратып беришти

«Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) куттуу хадисинде мындай деп айтылган: «Орозо кармаган кишини тойгозгон адам орозо кармаган кишидей соопко ээ болот, бирок андан орозо кармагандын сообу кымынчалык да азайтылбайт!». Бул да болсо бизге берилген бир  мүмкүнчүлүк. Кимдин колунан канчалык деңгээлде ооз ачырууга алы жетсе, бул соопторго ээ болсун. Себеби Рамазан айы бир жылда бир келет. Колдогу мүмкүнчүлүктү пайдаланып калалы», — деп белгиледи баш имам-хатиб Бакытбек ажы Убабеков.