Балыкчы шаарында мечиттерде ишембилик уюштурулду

Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарындагы бардык мечиттерде ишембилик уюштурулду. Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов калаадагы мечиттерди өзү көзөмөлдөп, таза кармалып туруусу үчүн ар дайым ишембилик уюштурулуп турарын билдирди.

«Ислам дининин негизги бөлүктөрүнүн бири — бул  тазалык. Андыктан диний кызматкерлер диний мекемелердин тазалыгына абдан көңүл буруубуз зарыл. Ысык-Көл облустук казыяты тарабынан да буйрук келген ишембиликтерди уюштуруу боюнча жалпы мечиттердин ичи-сыртын тазаладык», — деп баш имам-хатиб билдирди.

Белгилей кетсек, КМДБ жетекчилигинин ар бир диний мекемеде ишембилик уюштуруу боюнча буйругун ишке ашыруу максатында облустук казыят тарабынан шаар-райондук хатибияттарга тапшырма берилген. Бирок кээ бир райондордо жаңыдан кар эрип жаткандыгына байланыштуу ишембиликтер кийинчерээк уюштурулат.