Алибек ажы Жусупов Өзгөн районундагы ажылык иштеринен кабар алды

Ош облусунун ажылык иштери боюнча куратору Алибек ажы Жусупов аймактарды кыдырууда. Бул жолкусунда иш сапар менен Өзгөн районундагы ажылык иштери боюнча оператордун ишмердүүлүгүнөн кабар алды.

«Баарыңыздарга Рамазан айы кут болуп, кармаган орозоңуздар кабыл болсун дейбиз. Буйруса Рамазан айынан соң, бир нече ай өтүп, ыйык ажылык сапарына аттануу башталат. Ага ар тараптуу даярдыктарды көрүп, Рамазан айында руханий жан дүйнөнү байытуу үчүн сабактарды тез-тез уюштуруу керек. Ажы башчыларга ар бир ишти жоопкерчилик менен аткаруу керектигин дагы бир жолу эскертип өтөбүз», — деди Алибек ажы Жусупов.

Айта кетсек, 2024-жылы Өзгөн районунан 215 адам ажылык сапарына аттанат.