![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2024/03/473fc00b-263f-4f30-946f-1f94714fa41f.jpg)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун 2024-жылдын 18-мартындагы №75 буйругун ишке ашыруу максатында Баткен облусундагы диний окуу жайларынын эмгек жамааты айлана-чөйрөнү тазалоо, көрктөндүрүү үчүн тазалык иш-чарасын уюштурду.
Иш-чаранын алкагында айрым медресе кызматкерлери шаар, райондордун көчөлөрүн таштандылардан арылтышты. Ошондой эле медреселердин айланасын таштандылардан тазалап, ар түрдүү көчөттөрдү отургузушту.
Облустук казыяттан билдиришинче, тазалык иш-чарасына бардык диний окуу жайлардын кызматкерлери катышып, ислам тазалыктын дини экендигин даңазалашып, дин кызматкерлер бул иште үлгү экендигин көрсөтүштү.