Эмил Андартегин Каракол шаарында ханафи мазхабы, матуриди акыйдасы боюнча сабак өттү

Кечээ, 25-март күнү Ысык-Көл  облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыковдун демилгеси менен Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Эмилбек ажы Андертегин Каракол шаарына келип, «Мухтарулло» мечитинде ханафи мазхабы, матуриди акыйдасы, жалпы эле дин түшүнүгү туурасында сабак өттү. Семинарды казы ачып берип, илим алуунун маанилүүлүгүн, аны туура багыттан алуу зарыл экендигине токтолду.

«Мусулман адам өзүнүнүн жаратуучусуна болгон ибадатын туура, так аткаруусу керек, ал үчүн илим өтө маанилүү. Урматтуу Эмил мырза, орозо экениңизге карабай келип, сабак өтүп жатканыңызга жалпы облус мусулмандарынын жана өзүмдүн атымдан ыраазычылык билдирем. Илимиңизге Алла Таала береке берсин», — деп облус казысы ыраазычылыгын айтып, элге тааныштырды.

Ааалымдар Кеңешинин мүчөсү Эмил Андартегин ишенимдеги ханафи мазхабы, матуриди акыйдасы, пайгамбарлардын мужизасы, биздин ишеним боюнчап Мухаммаддын (с.а.в.) акысын ордуна коюу жана мусулмандар ортосундагы ынтымак туурасында сабак өттү.

«Акыйкатты ээрчигендер дайыма биригишет, адашкандар дайыма көп бөлүккө бөлүнүшөт. Имам Матрудий (944-ж.) Самаркандда, ал эми Имам Ашарий (936-ж.) Багдадда жашап, бири-бирин тааныбастан туруп, адашкандарга бирдей жооп беришкен. Анткени, Куран менен сүннөттү акыл калчап, туура түшүнгөндөр гана акыйкатты табат. Булар улуу аалымдар. Ал эми биз, жаамы журт, ушул туура жолдогу аалымдарды ээрчишибиз керек. Аруу болгон динибизди кимден үйрөнүп жатканыбызга маани берүүбүз кажет», — деп сабагын жыйынтыктады.

Семинардын соңунда катышуучулар банк маселелери, мусулмандын адеби жана башка темаларда өздөрүнүн көйгөйлүү суроолорун берип, канааттандырарлык жооп алышты.