КЫЯМАТ ТУУРАЛУУ

(иллюстрациялык сүрөт)

Мээримдүү, ырайымдуу Алланын ысымы менен…

Кыяматтын сөздүк мааниси – «туруу», «тирилүү», «көтөрүлүү» дегенди туюнтат. Ал эми терминологияда эки мааниси бар:

1) Аалам системасынын бузулушу жана бүт нерсенин кыйрашы. Буга ас-Саъа (билинген заман) деп айтылат.

2) Кыйраган жана өлгөн бардык жандуунун кайрадан тирилип, бутка турушу жана махшарга бет алышы. Мындагы кыямат жалпы жок болууну жана кайрадан тирилүүнү камтыгандыктан, чоң кыямат деп аталат. Муну менен бирге эле кичи кыямат деген да бар. Кичи кыямат – адамдын өлүмү.

Кыямат жөнүндө ыйык Куранда көптөгөн аяттар бар. Мисалы, Куранда кыяматка маанилеш «Вакиъа» сөзү кездешет. «Вакиъа» деп аталган сүрөнүн алгачкы он аятында Кыямат айкын сүрөттөлөт:

بسم الله الرحمن الرحيم

إِذَا وَقَعَتِ ٱلۡوَاقِعَةُ (1)

لَيۡسَ لِوَقۡعَتِهَا كَاذِبَةٌ (2)

خَافِضَةٞ رَّافِعَةٌ (3)

إِذَا رُجَّتِ ٱلۡأَرۡضُ رَجّٗا (4)

وَبُسَّتِ ٱلۡجِبَالُ بَسّٗا (5)

فَكَانَتۡ هَبَآءٗ مُّنۢبَثّٗا (6)

وَكُنتُمۡ أَزۡوَٰجٗا ثَلَٰثَةٗ (7)

فَأَصۡحَٰبُ ٱلۡمَيۡمَنَةِ مَآ أَصۡحَٰبُ ٱلۡمَيۡمَنَةِ (8)

وَأَصۡحَٰبُ ٱلۡمَشۡـَٔمَةِ مَآ أَصۡحَٰبُ ٱلۡمَشۡـَٔمَةِ (9)

وَٱلسَّٰبِقُونَ ٱلسَّٰبِقُونَ (10)

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен!

1. Болуучу  болгон кезде,…

2. Анын болуусун эч бир жалганга чыгаруучу жок .

3. Ал  ылдыйлатат  жана жогорулатат .

4. Жер катуу силкинген кезде…

5. Тоолор да талкаланып,

6. Учкан тозоң болгон кезде…

7. Ошондо силер үч топко бөлүнөсүңөр.

8. Оң кол ээлери… «Оң кол ээлери»  болуу кандай жакшы!

9. Сол кол ээлери… «Сол кол ээлери»  болуу кандай жаман!

10. Озгондор – Озуучулар.

Кыяматтын көрүнүштөрүн баяндаган дагы бир сүрө Кыямат деп аталып, анын алгачкы 15 аятында акыр заман ачык баяндалган:

بسم الله الرحمن الرحيم

لَآ أُقۡسِمُ بِيَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ (1)

وَلَآ أُقۡسِمُ بِٱلنَّفۡسِ ٱللَّوَّامَةِ (2)

أَيَحۡسَبُ ٱلۡإِنسَٰنُ أَلَّن نَّجۡمَعَ عِظَامَهُۥ (3)

بَلَىٰ قَٰدِرِينَ عَلَىٰٓ أَن نُّسَوِّيَ بَنَانَهُۥ (4)

بَلۡ يُرِيدُ ٱلۡإِنسَٰنُ لِيَفۡجُرَ أَمَامَهُۥ (5)

يَسۡـَٔلُ أَيَّانَ يَوۡمُ ٱلۡقِيَٰمَةِ (6)

فَإِذَا بَرِقَ ٱلۡبَصَرُ (7)

وَخَسَفَ ٱلۡقَمَرُ (8)

وَجُمِعَ ٱلشَّمۡسُ وَٱلۡقَمَرُ (9)

يَقُولُ ٱلۡإِنسَٰنُ يَوۡمَئِذٍ أَيۡنَ ٱلۡمَفَرُّ (10)

كَلَّا لَا وَزَرَ (11)

إِلَىٰ رَبِّكَ يَوۡمَئِذٍ ٱلۡمُسۡتَقَرُّ (12)

يُنَبَّؤُاْ ٱلۡإِنسَٰنُ يَوۡمَئِذِۭ بِمَا قَدَّمَ وَأَخَّرَ (13)

بَلِ ٱلۡإِنسَٰنُ عَلَىٰ نَفۡسِهِۦ بَصِيرَةٞ (14)

وَلَوۡ أَلۡقَىٰ مَعَاذِيرَهُۥ (15)

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен.

1. Кыямат Күнүнө ант!

2. Өзүн-өзү жемелеген жанга ант!

3. Инсан Биз анын сөөктөрүн чогулта[1] албайт деп ойлойбу?!

4. Ооба (чындыгында), Биз анын манжаларынын учунан бери өз калыбына келтирүүгө Кудиреттүүбүз.

5. Балким … инсан келечекте бузукулукту дагы да кыла берүүнү каалап турабы?

6. Ал: “Кыямат Күнү качан болот?” – деп сурайт.

7. Качан көздөр караңгыласа,

8. Ай (түнөрүп) тутулса,

9. Күн менен Ай бириктирилсе,

 10. Ошол күнү инсан: “Мен кутулуучу жай кайда?” – деп сурап калат.

11. О, жок! Качып кутулуу жок!

 12. Ал Күндө Эгеңдин даргөйүндө гана (кутулуучу) жай (бар).

 13. Ошол Күнү инсанга ал алдына эмне даярдап, (алып) келгенинен, эмнени артына калтырып койгонунан кабар берилет.

14. Инсан (ал күнү) өзүнө-өзү күбөлүккө өтөт.

15. Эгер ал кечирим суроону кааласа да.

Курандагы жогорку сыяктуу кыямат аяттарына назар салсак, кыямат – бул дүйнө (аалам) системасынын бузулуп кыйрашы жана анын ордуна жаңы система жана тирилүү ишке ашкан жаңы жашоонун курулушу десек туура болот.

Кыямат качан болот?

Кыяматтын качан болору тууралуу Алла Таала гана билет. Андан башка эч ким так билбейт. Ыйык Куранда:

وَتَبَارَكَ ٱلَّذِي لَهُۥ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَا وَعِندَهُۥ عِلۡمُ ٱلسَّاعَةِ وَإِلَيۡهِ تُرۡجَعُونَ (85)

“Асмандар менен жердин жана бул экөөнүн ортосундагы  бийлик таандык болгонго улуктук!  Кыяматтын маалыматы[2] Анын алдында. Ага кайтасыңар”.

(Зухруф, 85)

Кыяматтын качан болору жөнүндөгү илим Аллага гана маалым. Бирок ага карабай, инсандар бул темага абдан ынтызар болуп, пайгамбарыбыздан (с.а.в.) кыяматтын качан болору жөнүндө көп суроо узатышкан. Ошондо Алла Таала өз элчисине мындай деп жооп берүүнү буйруйт:

يَسۡـَٔلُكَ ٱلنَّاسُ عَنِ ٱلسَّاعَةِۖ قُلۡ إِنَّمَا عِلۡمُهَا عِندَ ٱللَّهِۚ وَمَا يُدۡرِيكَ لَعَلَّ ٱلسَّاعَةَ تَكُونُ قَرِيبًا (63)

“(Эй, Мухаммед!) Адамдар сенден Кыямат мөөнөтүн[3] сурашат. Аларга: “Анын илими Алланын алдында. Кайдан билесиң, балким мөөнөтү жакындап калгандыр”, – деп айткын”.

(Ахзаб сүрөсү, 63)

Кыяматтын качан болорун Алладан башка эч ким билбейт. Ал тургай Мухаммед пайгамбарыбыз (с.а.в.) дагы. Бирок ал жакын экенин эскерткен. Кыяматтын жакындыгына байланыштуу «Кыямат менен менин жөнөтүлүшүм ушул эки манжадай жакын» деп,Андан соң сөөмөй жана ортон манжаларына ишаара кылган.[4] Дагы бир хадисте пайгамбарыбыз (с.а.в.) мурдагы коомдорго салыштырганда, өз үммөтүнүн (кыяматка калган) убактысы намаз дигерден күн батканга чейинки аралыктай гана экенин билдирген. Бул кабарларды негиз алганда, кыямат өтө жакын арада болуп кетиши мүмкүн. Бирок аны өтө алыста деп ойлоп, өзүн алдаган момундар арбын.

Алла Таала Куранда мындай деген:

إِنَّ ٱلسَّاعَةَ لَأٓتِيَةٞ لَّا رَيۡبَ فِيهَا وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يُؤۡمِنُونَ (59)

“Аныгында, Кыямат күнү келеринде эч шек жок. Бирок адамдардын көбү буга ишенбейт”.[5]

(Мумин (Гаафир), 59)

Адам баласы кыяматтын качан болорун билүүгө кызыкпай, ага даяр болууга кызыкканы жакшы. Улуу даанышман Зат кыяматты жашырып койгонунда хикмат-даанышмандыктар бар. Момун-мусулман ар дайым чоң болсун, кичи болсун, кыяматка даяр болушу керек. Пайгамбарыбызга (с.а.в.) бирөө келип, кыяматтын качан болорун сураганда, “сен ага эмне даярдадың” деп суроого суроо менен жооп берген.[6] Ал (с.а.в.) муну менен кыяматка даяр болуу, ага бир нерсе даярдоо маанилүү экенин билдирген.

Кыяматтын белгилери

Алла Таала Куранда кыяматтын качан болорун айтпаса да, анын жакындаганын жана алааматтарын[7] билдирген. Мусулман пенде кыяматтын жакын экенин жана белгилерин көрүп, динге дагы да жакындап, исламды кучактайт.

Кыяматтын белгилери чоң жана кичи болуп эки топко бөлүнөт.

Кыяматтын кичи белгилери:

1) Азирети Мухаммеддин (с.а.в.) пайгамбар болуп жөнөтүлүшү жана пайгамбарлыктын токтошу;

2) исламий илимдердин артка кетиши, жахаалаттын (караңгылык, сабатсыздык) артышы;

3) Арак ичүү жана зынаа кылуу сыяктуу арам иштердин[8] көбөйүшү;

4) аялдардын санынын эркектердикинен көбөйүшү;

5) киши өлтүрүүнүн[9] көбөйүшү;

6) эки ислам армиясынын[10] чоң согушу;

7) байлык көбөйүп, дүйнө мүлкүнүн артышы, ал тургай айрым жерлерде садака берүүгө киши табылбай калышы.[11]

Жогорку белгилердин көбү адамдардын аракетине байланыштуу. Ал эми айрымдары адам аракетине тиешеси жок. Кыяматтын чоң белгилери да ушундай. Тактап айтканда, адам баласынын эч кандай ролу болбой туруп, биринин артынан бири жүз берет. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бир риваятта кыяматтын 10 чоң белгисин атаган.[12]

Кыяматтын чоң белгилери:

1) Түтүндүн капташы: Кыяматтан мурда жер жүзүн түтүн каптайт (духан). Бул туман момундарды үшүтсө, каапырларды мас кылат.

2) Дажжалдын чыгышы: Өзүн «кудаймын» деп жар салган Дажжал кыяматка жакын чыгат. Ал истидраж (азгырыктуу сыйкыр) менен адамдардын көзүн боёп, ар кандай таң калычтуу нерселерди көрсөтөт. Алла Таала момундарды Дажжалдын жамандыгынан, фитнасынан жана айла-амалынан коргойт. Соңунда Азирети Иса баштаган момундардын армиясы Дажжалдын армиясын жеңип, аны Азирети Иса өлтүрөт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Дажжалдын бир көзү көр экенин айткан.[13]

3) Даббатуль-Арздын пайда болушу: Ыйык Куранда Даббатуль-Арзга ишаара бар:

وَإِذَا وَقَعَ ٱلۡقَوۡلُ عَلَيۡهِمۡ أَخۡرَجۡنَا لَهُمۡ دَآبَّةٗ مِّنَ ٱلۡأَرۡضِ تُكَلِّمُهُمۡ أَنَّ ٱلنَّاسَ كَانُواْ بِـَٔايَٰتِنَا لَا يُوقِنُونَ (82)

“Биз аларга жазалай турган мезгил жеткенде жер алдынан бир жаныбар[14] чыгарабыз, ал аларга Биздин аяттарыбызга ишенбеген адамдар жөнүндө айтып берет”

(Намл, 82).

Даббатуль-Арздын Сафа тоосунан чыга турган чоң жаратык экени, үч жолу чыгары кабарларда айтылган. Бирөөндө Махдинин, бирөөндө Азирети Исанын тушунда, үчүнчү жолу Күн батыштан чыкканда чыгары маалымдалган. Даббатул-Арздын жанында Азирети Мусанын асасы жана Азирети Сулаймандын мөөрү болору, аса менен момундун жүзүн нурлантары, ал эми мөөр менен каапырдын мурдун сындырары, адамдар топтолуп «бул момун, бул каапыр» деп айтары пайгамбарыбыздын хадистеринде кабар кылынган.[15]  

4) Күндүн батыштан чыгышы: Кыямат болордон алдын Күн батыштан чыгат. Күндүн батыштан чыгышы аалам системасынын бузулушуна ишаара. Бул маселеде пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Күн батыштан чыкмайын кыямат болбойт. Күн батыштан чыкканда бүт адамдар ыйман келтирет, бирок ага чейин ыйман келтирбегендердин жана ыйманы толук болбогон жандардын «кечиккен ыйманы» пайдасыз болот», – деген.[16]Демек, Күн батыштан туулганда баары кеч болот. Ошол кезде келтирилген ыймандар, кылынган тооболор кабыл болбойт.

5) Азирети Исанын түшүрүлүшү: Азирети Иса (а.с.) Дажжал пайда болгондо түшөт. Адилеттүү башкарып, ислам шариятын практикалайт. Дажжалды өлтүрүп, Алла каалаганчалык жашап, соңунда акка моюн сунат. Жаназа намазы окулуп, жерге берилет. Андан соң катуу шамал согуп, момундардын жаны алынат. Ошондо жер жүзүндө адамдардын каапырлары, жамандары аман калат. Кыямат ошолорго жүз берет.[17] Азирети Исанын кыла турган иштеринин катарында христиандардын айкашкан символун (крест) талкалоо, доңузду өлтүрүү жана жизьяны (салык) токтотуу өңдүү озуйпалар бар.

6) Яжуж-Мажуждун чыгышы: Ыйык Куранда Яжуж-Мажуж коому тууралуу кабар берилет:

حَتَّىٰٓ إِذَا بَلَغَ بَيۡنَ ٱلسَّدَّيۡنِ وَجَدَ مِن دُونِهِمَا قَوۡمٗا لَّا يَكَادُونَ يَفۡقَهُونَ قَوۡلٗا (93)

قَالُواْ يَٰذَا ٱلۡقَرۡنَيۡنِ إِنَّ يَأۡجُوجَ وَمَأۡجُوجَ مُفۡسِدُونَ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَهَلۡ نَجۡعَلُ لَكَ خَرۡجًا عَلَىٰٓ أَن تَجۡعَلَ بَيۡنَنَا وَبَيۡنَهُمۡ سَدّٗا (94)

قَالَ مَا مَكَّنِّي فِيهِ رَبِّي خَيۡرٞ فَأَعِينُونِي بِقُوَّةٍ أَجۡعَلۡ بَيۡنَكُمۡ وَبَيۡنَهُمۡ رَدۡمًا (95)

ءَاتُونِي زُبَرَ ٱلۡحَدِيدِۖ حَتَّىٰٓ إِذَا سَاوَىٰ بَيۡنَ ٱلصَّدَفَيۡنِ قَالَ ٱنفُخُواْۖ حَتَّىٰٓ إِذَا جَعَلَهُۥ نَارٗا قَالَ ءَاتُونِيٓ أُفۡرِغۡ عَلَيۡهِ قِطۡرٗا (96)

فَمَا ٱسۡطَٰعُوٓاْ أَن يَظۡهَرُوهُ وَمَا ٱسۡتَطَٰعُواْ لَهُۥ نَقۡبٗا (97)

قَالَ هَٰذَا رَحۡمَةٞ مِّن رَّبِّيۖ فَإِذَا جَآءَ وَعۡدُ رَبِّي جَعَلَهُۥ دَكَّآءَۖ وَكَانَ وَعۡدُ رَبِّي حَقّٗا (98)

۞وَتَرَكۡنَا بَعۡضَهُمۡ يَوۡمَئِذٖ يَمُوجُ فِي بَعۡضٖۖ وَنُفِخَ فِي ٱلصُّورِ فَجَمَعۡنَٰهُمۡ جَمۡعٗا (99)

“(Зулкарнайн) эки тоонун ортосуна жеткен кезде, сөздү түшүнө албай турган бир элге кездешти.

Алар: “Эй, Зулкарнайн! Йажууж, Мажууж деген эл бул жерде бузукулук кылууда. Сага төлөм берсек, алар менен биздин ортобузга бир бөгөт жасайсыңбы?” – дешти.

Зулкарнайн: “Эгемдин мага бергени жетиштүү. Силер мага күчтөн көмөк кылгыла да, мен силер менен алардын ортосуна бөгөт жасайын”, – деди.

(Анан:) “Мага темир кесиндилерин алып келгиле”, – деди. Эки тоонун эки тарабы[18] теңелген кезде: “Көөрүктөгүлө!”, – деди. Ал кызыган маалда: “Мага ээриген жез алып келгиле, үстүнө куйайын”, – деди.

Ошондо алар[19] өтө да, теше да алышкан жок.

(Зулкарнайн:) «Бул – Эгемдин ырайымы. Эгемдин убадасы (Кыямат) келген кезде, аны жер менен жексен кылат. Анткени, Эгемдин убадасы – акыйкат[20]! (деди).

Кыямат Күнү аларды бири-бирине кошулган түрдө жөн коёбуз да, сурнай чалынганда, аларды толук жыйнайбыз.

(Кахф сүрөсү, 93-99)

Дагы бир аятта бул коомдун дубалды ашып, жер жүзүнө бузукулук салары аян кылынган:

حَتَّىٰٓ إِذَا فُتِحَتۡ يَأۡجُوجُ وَمَأۡجُوجُ وَهُم مِّن كُلِّ حَدَبٖ يَنسِلُونَ (96)

Йажуж, Мажуж ар бир дөбөдөн агылып келгенге чейин.

(Анбийаа, 96)

Бул аяттарда айтылган Зулкарнайндын кимдиги, дубалдын кайда экени, Яжуж-Мажуждун кимдер экени боюнча түрдүү көз караштар бар. Чындык болсо булардын кыяматтын чоң белгиси экени жана чоң кыйроонун (кыяматтын) алдында чыгышы, белгилүү бир убакытка чейин жер жүзүндө бузукулук чыгарышы болуп саналат.

7-8-9) Чыгышта, Батышта жана Араб жарым аралында жердин чөгүшү: Булар илим, тарых жана жаңылыктарда айтылган ар кайсы жер кыртыштарынын чөгүшүнөн башкача болорун айтуу туурараак болот. Башкача айтканда, жер алдындагы “аскалардын” жылышы, материктердин бири-биринен алысташы же жакындашы, деңиздердин чөлгө, чөлдөрдүн деңизге айланышынан кыйла өзгөчө болот десек жаңылышпайбыз. Кыяматтын чоң белгиси болгондуктан, мындагы чөгүүлөр да оңой болбосо керек. Бул үч башка жердеги «чөгүүлөр» адамзаттын көңүлүн буруп, хаос жаратары турган кеп.

10) Йемен тарапта өрт чыгышы: Кыяматтын алдында Йемен же Хижаз тарапта өтө чоң өрт каптайт. Өрттөн чыккан жалын бардык жердин жаркытары риваят кылынган.

Кыяматтын болушу

Кыяматтын алааматтары (белгилери) болуп өткөн соң кыямат башталат. Албетте кыяматтын белгилеринин жүз бериши акылдык жактан толук мүмкүн. Төрт улуу периштенин бири Исрафил (а.с.) Алланын уруксаты менен Суурду (сурнай) чалганда кыямат жүз берет. Суурдун эмне экени, кандай экени Аллага гана маалым. Суур үйлөнгөндө Алладан (жана да Ал каалагандан) башка бүтүндөй макулук өлөт. Суур экинчи жолу үйлөнгөндө рухтар ээлерине кайтып, алар тирилишет.

Ыйык Куранда Суурдун алгачкы ирет үйлөнүшү тууралуу мындайча сүрөттөлөт:

فَإِذَا نُفِخَ فِي ٱلصُّورِ نَفۡخَةٞ وَٰحِدَةٞ (13)

وَحُمِلَتِ ٱلۡأَرۡضُ وَٱلۡجِبَالُ فَدُكَّتَا دَكَّةٗ وَٰحِدَةٗ (14)

فَيَوۡمَئِذٖ وَقَعَتِ ٱلۡوَاقِعَةُ (15)

وَٱنشَقَّتِ ٱلسَّمَآءُ فَهِيَ يَوۡمَئِذٖ وَاهِيَةٞ (16)

« Сурнай бир жолу чалынганда;

жер жана тоолор көтөрүлүп туруп, бир сокку менен талкаланганда…

ошол Күнү Кыямат Кайым болот

Асман жарылат. Анткени ал ошол Күнү күчсүз болот».

(Хаакка, 13-16)

Ыйык Курандын дагы бир аятында Суурдун экинчи жолу үйлөнүшүнө мындайча ишаарат кылынат:

وَنُفِخَ فِي ٱلصُّورِ فَإِذَا هُم مِّنَ ٱلۡأَجۡدَاثِ إِلَىٰ رَبِّهِمۡ يَنسِلُونَ (51)

 “Сурнай тартылганда[21], алар мүрзөлөрүнөн Эгесине карай шашып чыгышат”

(Ясин сүрөсү, 51)

Ал эми бул аят-и каримада Суурга эки жолу чалынары ишаара кылынууда:

وَنُفِخَ فِي ٱلصُّورِ فَصَعِقَ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَن فِي ٱلۡأَرۡضِ إِلَّا مَن شَآءَ ٱللَّهُۖ ثُمَّ نُفِخَ فِيهِ أُخۡرَىٰ فَإِذَا هُمۡ قِيَامٞ يَنظُرُونَ (68)

 “Сурнай тартылганда Алланын каалаганынан башка асмандардагы[22]  жана жердеги жан ээлери[23] (баары)  өлүшөт. Андан соң экинчи жолу сурнай тартылганда, алар (тирилип) күтүп[24] калышат”.

(Зумар, 68)

Жогорку аяттардын негизине Суурга алгачкы чалууда кыямат болсо, экинчи чалууда махшар үчүн тирилүү болот. Бул экөөнүн аралыгы канча болору белгисиз. Бул жаатта пайгамбарыбыздан риваят кылынган «40» сөзү бар. Хадисти риваят кылган Абу Хурайрадан 40 күнбү, айбы же жылбы, эмне максат кылынганы суралганда «билбейм» деп жооп берген.[25]

Кыямат кайым момун пендеге коркуу сала турган зор окуя. Алла Таала ыймандуу пенделерине кыяматтын кооптуулугун, азабын, жүрөк үшүн аларын айтып, ал аркылуу «мыкты инсан» болууга тарбиялайт десек аша чапкан болбойбуз.

إِذَا ٱلسَّمَآءُ ٱنفَطَرَتۡ (1)

وَإِذَا ٱلۡكَوَاكِبُ ٱنتَثَرَتۡ (2)

وَإِذَا ٱلۡبِحَارُ فُجِّرَتۡ (3)

وَإِذَا ٱلۡقُبُورُ بُعۡثِرَتۡ (4)

عَلِمَتۡ نَفۡسٞ مَّا قَدَّمَتۡ وَأَخَّرَتۡ (5)

«Асман жарылганда,

жылдыздар чачылганда,

деңиздер кошулганда,

мүрзөлөр ачылганда,

Ошондо (ар бир) жан өзүнүн мурда эмнелерди кылгандыгын, эмнелерди (кылбай) калтырганын ачык көрөт»

(Инфитар, 1-5)

Даярдаган: Самидин кары Атабаев, Азирети Муфтийдин 1-орун басары


[1] Кайрадан.

[2] Кыяматтын качан болору тууралуу Алла гана билет

[3] Качан болорун

[4] Бухари, Рикак 38; Муслим, Жумъа 37.

[5] Ыйман келтиришпейт.

[6] Ахмад бин Ханбал, Муснад

[7] Белгилерин

[8] Бухари, Худуд 20

[9] Бухари, Фитан 25

[10] Муслим, Фитан 17

[11] Муслим, Зекет 61

[12] Муслим, Фитан 39

[13] Бухари, Фитан 26; Муслим, Фитан 101

[14] Бул жаныбар хадисте айтылгандай: узундугу алтымыш зираа (1 зираа = 0,66 м), төрт буттуу, талап кылган жетпейт, качкан кутулбайт. Бул жаныбар акыр заманда адамдар бузулуп, Алланын буйруктарын аткарбай, ак динди бузук динге алмаштырган кезде Алла Таала чыгарат. Меккеден чыгат деп айтылат. Акыр замандын чоң белгилери он. Бул жаныбардын чыгышы ошол он белгинин бири. (Тафсир Ибну Касир).

[15] Ибн Маажа, Фитан 31

[16] Бухари, Фитан 25; Муслим, Ийман 72.

[17] Муслим, Фитан 23

[18] ортосу

[19] Йажууж, Мажууждар

[20] Аткарылуусу кымындай да шек жаратпаган акыйкат.

[21] Кыямат күнүндө кайра тирилгенде.

[22] периштелер

[23] Адамдар жана башка жан-жаныбарлардын бардыгы

[24] Эмне болорун

[25] Бухари, Тафсир 39; Муслим, Фитан 28