«Фирдаус» мечитинин имамы 306 миң сомдук кайрымдуулук баштыктарын таратты

Талас облусуна караштуу Ч. Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылындагы «Фирдаус» мечитинин имам-хатиби Сүйүнаалы ажы Чокоевдин демилгеси жана Ильгиз Замирбековдун демөөрчүлүгү менен 51 үй-бүлөгө азык-түлүк салынган орозо баштыкчасы жана акчалай жардам көрсөтүлдү.

Ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөр зыярат кылынып, орозо баштыкчалары ар биринин үйүнө жеткирилип берилди. Бир баштыкчанын баасы 5000 сомду түзүп, кошумча 1000 сомдон тапшырылды.

«Фирдаус» мечитинин имам хатиби Сүйүнаалы ажы Чокоев жамааты менен демөөрчүгө терең ыраазычылыгын билдирип, мечиттин атынан Ыраазычылык баракча тапшырды.