Дастан ажы Мамаев айыл өкмөттөрдөгү жооптуу имамдарга жыйын өткөрдү

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев райондогу алты айыл өкмөттүн жооптуу имамдарына жыйын өткөрүп, бир канча тапшырмаларды берди.

— Азирети Муфтийдин буйругуна ылайык, жаз мезгилинде туруктуу ишембилик иш-чарасын уюштуруу;
— Аша чабуулардан оолак болуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
— Аялзатынын кийинүү тартиптери, шарияттагы өкүмдөрүн жеткирүү;
— Ар дайым түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө ынтымак, тынчтык, жаштардын тарбиясына көңүл буруу.

Баш имам-хатиб ислам баалуулуктары тууралуу да айтууну эскертип өттү.