Тоң районундагы мечиттерде көрктөндүрүү жана оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Кара-Шаар айылындагы «Арык Мырза» мечити жана Туура-Суу 2 айылындагы мечитте көрктөндүрүү жана оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.

Кара-Шаар айылындагы мечиттин тегереги тазаланып, ага кошумча айыл тургуну Мирлан Исагалы уулунун колдоосу менен мечитти көрктүү кылуу максатында терезелерге пардалар тагылды. 

Ал эми Туура-Суу 2 айылындагы мечит кышында суук болуп келгендиктен, айыл имамы Султанкул Акуновдун демилгеси менен мечитке жылуулук системасы орнотулду. Азыркы учурда от жага турган жайы курулуп жатат. Аталган демилгени айыл жаштары колдоого алып, ишке ашырышууда. 

«Кыштын камын жазда көр» дегендей, келерки кышка даярдык көрүү демилгесин колго алып, колдоп бергениңерге ыраазымын. Жараткан Алла Таала кылган жакшылык иштериңиздердин сообун эселеп көбөйтүп, үй-бүлө, жакындарыңыздар менен амандыкта болуп, туткан орозоңуздар кабыл болсун», — деп айыл имамы рахматын айтып, батасын берди.