Покровка айылында муктаж үй-бүлөлөргө рамазандык баштыктар берилди

Талас облусунун Манас районундагы Покровка айылында жардамга муктаж болгон 100 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам берилди. Бул иш-чара Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаевдин демилгеси менен кайрымдуу инсандар тарабынан ишке ашырылып, орозо баштыктары Манас районунун борбордук мечитинде таратылды. Жалпы сумма 250 000 сомду түзгөн бул баштыкчада күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр салынды.

«Рамазан кайрымдуулуктун жана сооп чогултуу айы, себеби бул айда жасаган бир сооп ишиң эселеп эселеп берилет. Ошондуктан 12 айдын султаны. Муктаж адамдардын кубануусуна себепкер болгон бардык кайрымдуу инсандар, силерден Аллах Таала ыраазы болсун», — деди райондун баш имам-хатиби.