Чүйдө ДОЖ студенттери ишембилик өткөрүшүүдө

КМДБ жетекчисинин № 75 буйругуна ылайык Чүй облусундагы «Ала-Тоо», «Ала-Тоо 2», «Хазрети Осмон», «Абдулла бин Аббас», «Умар», «Аль-Акса», «Токмок», «Умар бин Хаттаб», «Заман Шамы» диний окуу жайларынын мугалимдери жана студенттери аймактарда коомдук жайларды жана жолдорду тазалоо иштерин жүргүзүп, бактарды отургузушту.

«Тазалык сенден башталат» демекчи, диний окуу жайлардын мугалимдери жана студенттери дайыма ушундай ишембиликтерди өткөрүп келишет. Динибизде тазалыктын ыймандын жарымы экени белгиленет. Буюрса бир ай бою ишембилик иш-чараларына активдүү катышабыз», — деп билдирди облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков.