Кара-Суудагы «Нур-Ислам» мечити 100 үй-бүлөгө жардам баштыкчаларын таратты

Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаарындагы «Нур-Ислам» мечитинин имам-хатиби Кубанычбек ажы Токтосунов жергиликтүү жамаат менен биргеликте кайрымдуулук иш-чарасын уюштуруп, 100 үй-бүлөгө жардам баштыкчаларын таратты.

Ар бир баштыкчасында эт, ун, май, макарон, күрүч жана башка тамак-аш үчүн керектелүүчү азыктар салынды. Бир баштыкча 2200 сомго даярдалып, кайрымдуулуктун жалпы суммасы 220 миң сомду түздү.

Иш-чарага Кара-Суу шаарынын мэри Майрамбек Тентимишов катышып, Ыйык Рамазан айында кайрымдуулук иштерин уюштургандарга ыраазычылык билдирди. 

«Райондогу ар бир мечит имамы кайрымдуулук иштерин өткөрүүгө аракеттенүүдө. Буйруса бул мечиттин имамы дагы жергиликтүү жамаат менен биргеликте кайрымдуулук иштерин уюштурууну пландоодо», — деди баш имам-хатиб Абдирашит ажы Батыров.

Аталган жардам баштыкчаларын муктаж үй-бүлөлөргө жеткирүү үчүн 3 жүк ташуучу автоунаа кызмат көрсөттү.