Талас облусунун Бакай-Ата районунда имамдарга кезектеги кварталдык жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Талас облусунун казысынын орун басары Өмүрзак ажы Абдысамат уулу, казыят кызматкери Рыскелди ажы Алым уулу, Бакай-Ата районунун баш имам-хатиби Марат ажы Жусупбеков жана жалпы район имамдары катышты.
Жыйналышта алгач беш ай аралыгында аткарылган иштер боюнча маалымат айтылып, берилген тапшырмалардын отчёту угузулуп, кийинки айларга бир канча тапшырмалар берилди. Алсак:
Мечиттерди таза кармоо;
Каникул учурунда мечиттерде күндүзгү Куран курсун уюштуруу;
Муфтият жана казыяттан берилген тапшырмаларды өз убагында аткаруу. Иш-чара соңунда казыят тарабынан мечиттерге Имам Муслимдин кыргызчага которулган хадис китеби белекке берилди.