Бекназар ажы Жапаров: «Жаш бутак оңой ийилет»

Ош облусунун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жыйын болуп, төмөнкү маселелер каралды:

— Суициддин алдын алуу;

— Эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

— Ысырапкорчулуктун алдын алуу;

— Жаштардын таалим-тарбиясына көңүл буруу (терс агымдарга кирип кетпөөнүн алдын алуу, телефон колдонуусун көзөмөлдөө ж.б.)

— ВИЧ СПИД илдетин алдын алуу;

Аталган жыйынга райондун акиминин орун басары Нургул Зульпиева, 200дөн ашуун ата-энелер, соц.педагогдор жана имамдар катышты.

Иш-чарага Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров да катышып, өз баяндамасын жасады.

«Учурда интернет сайттарынан түрдүү маалыматтарды алуу оңой болуп калды. Алардын туура же туура эмес экендигин анализдөөгө жаштарыбыздын дарамети жетпейт. Жаш бутак тез ийилет, ошол себептен жаштарыбызды туура багытта тарбиялоо зарыл. Бул үчүн аларга туура диний маалыматтарды өзүбүз үйрөтүүбүз керектелет. Кызыккан суроолоруна жооп алуу үчүн расмий дин кызматкерлеринен барып, тактап алышсын. Имамдарыбыз жаштарга илим үйрөтүүгө ар дайым даяр», – деди баш имам-хатиб өз баяндамасында.