Чет элден келип окуп жаткан жарандарга жыйын өткөрүлдү

Бүгүн, 17-май күнү Ош мамлекеттик университетинде чет элден келип окуп жаткан студенттерге лекция окулуп, коомдук жайларда  өздөрун алып жүрүү тартиптери айтылды. 

Ош шаардык ИИМ кызматкерлери жана Ош шаардык мусулмандар казыяты биргеликте чет элден келип окуп жаткан жалпы студенттердин алгачкы жолу жыйыны өткөрүлдү. 

Кыргызстанда окуп жаткан студенттердин басымдуу бөлүгү Пакистан менен Индиядан келишкен, негизинен медицина багытында билим алышат.  Кыргызстанда окуу нарктамасы башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзан. Ошол себептүү соңку жылдарда аталган өлкөдөн окууга келген жаштардын катары калыңдап баратат.

“Бүгүнкү күндө биздин мамлекетте окуп жаткан жалпы  чет элдик жарандар биздин жергебизде мейман, элдерибиздин ортосундагы достуктун көпүрөсү.  Ар бир студент мыкты билим гана албастан, өлкө тууралуу жакшы пикирде калуусун каалайт элек”, – деди казыят кызматкери Асан Сатаров

Белгилей кетсек, жалпы республика боюнча 30 501 чет өлкөлүк жаран билим алууда, анын ичинен 9285 жаран Пакистандан жана 13 404 жаран Индиядан келген коноктор экени айтылат.