Самидин кары Атабаев КТМУда өтүп жаткан илимий симпозиумга катышты

Бүгүн, 17-март күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин 1-орун басары Самидин кары Атабаев Кыргыз-Түрк Манас университетинин теология факульети тарабынан уюштурулган «Ислам дининдеги ханафий-матуридий түшүнүгү» эл аралык симпозиумунун ачылыш аземине катышты.

«Ислам дининде матуридилик акыйдасынын жана ханафий мазхабынын орду чоң. Кыргыз элинин исламий дүйнө таанымы дал ушул ханафилик-матуридилик мазхабында калыптанган. Кыргыз-Түрк Манас университетинде мындай илимий иш-чаранын өтүп жатканы абдан жакшы көрүнүш. Кудай буюрса, алдыда биздин мекеме да ушундай симпозиум, тегерек үстөл, дискуссияларды өткөрүүнү мерчемдеп турабыз. Бул жылдык иш планыбызда бар», – деп билдирди 1-орун басар.

Самидин кары Атабаев өз сөзүндө симпозиумду өткөрүп жаткан КТМУ жетекчилигине ыраазычылык билдирип, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин саламын жеткирип, иш-чаранын ийгиликтүү өтүүсүн Жараткандан тилеп өттү.

Айта кетсек, симпозиум КТМУда бүгүн жана эртең, 17-18-май күндөрү өтүп, 5 секциялуу оффлайн жана 3 секциялуу онлайн форматта өткөрүлөт. Иш-чарага Түркия Республикасынын Элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Салих Сезик, ректорат өкүлдөрү, өлкөдөгү теология факультеттеринин жетекчилиги, окутуучулар, баяндамачылар жана студенттер катышты.