Нарын имамдары арасында кезектеги “Ынтымак” мелдеши өттү

2024-жылдын 15-май күнү Ат-Башы хатибияты тарабынан уюштурулган “Ынтымак” оюнунун 3-айлампасы болуп өттү. Бул мелдешке Нарын облусундагы райондордун баш имам-хатибдери башында турган имамдар катышты. Оюнга жалпысынан 7 команда катышып, кичи футбол жана аркан тартыш оюндарынан күч сынашты. Алгач ачылыш аземи болуп, ага казынын орун басары Кумарбек Орозалиев, Ат-Башы районунун акиминин орун басары Максат Кадыркулов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөштү.

“Чындыгында Ат-Башы жергесине облусубуздагы бардык имамдардын келиши бизди кубандырып жатат. Себеби сиздер калктын калың катмары менен түзмө-түз руханий жактан кызмат кылган күчсүздөр. Жанатан бери сиздерди карап олтуруп, биз дагы район аралык ушундай мелдештерди уюштурсак жакшы болчудай экен деп сиздерден таасир алып олтурабыз”, – деди акимдин орун басары Максат Кадыркулов.

Ошентип оюндун жыйынтыгы менен кичи футбол боюнча;

1-орунду казыят командасы,

2-орунду Жумгал хатибияты,

3-орунду Нарын шаарынын имамдары камсыздашып, мыкты оюнчуларга өзүнчө сыйлыктар тапшырылды.

Ал эми аркан тартыш оюну боюнча;

1-орунду Ак-Талаа хатибияты,

2-орунду Нарын шаарынын имамдары,

3-орунду Кочкор хатибияты камсыздашты.

Алдыңкы орунду камсыздаган командаларга акчалай сыйлыктар менен кубок, медалдар тапшырылды. Бул демилге облус казысы Эрик Молдокулов тарабынан уюштурулуп, алгач Нарын шаарында өткөрүлүп, Ак-Талаа районуна өткөрүлүп берилген болчу. Былтыр мелдеш күз айларында Ак-Талаа жергесинде өтүп, Ат-Башы районуна узатылган болсо, Ат-Башы району Кочкор хатибиятына кезектеги мелдештин өтмө кубогун тапшырды.