Жалал-Абад казыяты менен Жалал-Абад ОИИБинин ортосунда кызматташтык жаңы тепкичке көтөрүлөт

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Жалал-Абад ОИИБдин башчысы болуп жаңыдан дайындалган милициянын полковниги Марлис Асановду зыярат кылып, кызмат орду менен куттуктады. Казы өз сөзүндө Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери менен дайыма тыгыз кызматташтыкта иш алып барарын айтып,

«Биз ушул күнгө чейин кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, наркомания, суицид, экстремизм жана терроризм боюнча бир катар иш-чараларды биргеликте чогуу өткөрүп келдик. Эми буйруса сиздин жетекчилигиңиз астында дагы да жакшы иш-чараларды, долбоорлорду биргеликте ишке ашырабыз деп ишенем. Жаңы кызмат ордуңуз кут болсун. Аллах Таалам сизге бекем ден соолук, үй-бүлөңүзгө тынчтык, баштаган ишиңизге жеңилдик берип, Жалал-Абад эли үчүн талыкпай кызмат кылууңузга күч-кубат берсин, – деп батасын берди.

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Марлис Асанов Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбековго ыраазычылык сөзүн айтып,

“Буйруса Жалал-Абад ОИИБи Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты менен дагы да жакындан кызматташабыз. Сиздер менен биргеликте жасай турган жумуштарыбыз көп. Бир гана кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, наркомания, суицид, экстремизм жана терроризм боюнча эле эмес, имамдардын билим деңгээлин жогорулатууга багытталган бирдиктүү бир катар иш-чараларды өткөрөбүз. Анткени коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алууда, аны элге жеткирүүдө дин кызматкерлеринин ролу чоң», – деди.