“Салахидин Эшан” институтунда экстремизмдин кесепети боюнча лекция болуп өттү

Бүгүн, 16-май күнү “Салахидин  эшан” институтунда эктремизмдин алдын алуу боюнча түшүндүндүрүү иштери жүргүзүлүп, атайын лекциялар окулду.

Иш-чарада Ош шаарындагы жалпы диний окуу жайларда башка агымдарга кирип кетпөө максатында терроризмдин алдын алуу боюнча иш-чаралар уюштурулуп жатканы айтылды.  

Экстремизмдин саясий, улутчулдук, диндик жана экологиялык түрлөрү кеңири тараганын, саясий планда экстремизмге демогогия, тартип бузуулар, иш таштоолор, граждандык баш ийбөөчүлүк уюштуруу жолу менен жашап турган коомдук структураларды жана институттарды бузуу жана талкалоо, ушундай жол менен өз максаттарына жетишүү мүнөздүү экенин Алмаз Ахмадалиев белгилеп өттү.