ТМУ: Жооптуу диний кызматкерлер онлайн жыйын өткөрдү

Казакстан мусулмандар Дин башкармасынын демилгеси менен Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия жана Азербайжан өлкөлөрүндөгү диний башкармалыктардын жооптуу кызматкерлеринин катышуусунда онлайн жыйын өткөрүлдү.

Жыйында ислам дининдеги каада-салттын орду, фатва маселелери жаатында бирдиктүү орток чечимдерге жетишүү, ажылык жана Курман айт боюнча талкуу өтүп, сунуштар ортого салынды.

Онлайн талкууга Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев, мекеменин фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев жана Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин жооптуу катчысы Акылбек ажы Халбеков катышты.

Белгилей кетсек, түрк тилдүү мамлекеттеринин диний башкармалыктарынын Ташкентте өткөн IV съездинде фатва маселелерин талкуулоо боюнча атайын фатва комитети түзүлгөн. ТМУга мүчө өлкөлөрдүн жумушчу тобунун макулдашуусу менен комитетке атайын мүчөлөр бекитилген.