Ош шаарында диний кызматкерлерге көк жөтөлгө каршы эмдөө боюнча жыйын өткөрүлдү

Бүгүн, 15-май күнү Ош шаарында жайгашкан «Баяна» отелинде шаардык казыят кызматкерлери жана имамдардын катышуусунда көк жөтөлдүн алдын алуу жана эмдөө боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйында шаардагы мечиттерде, диний окуу жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы айтылды.

Республикалык ден соолукту чындоо борборунун врач-эпидемиологу Азим Кыргызбаев азыркы учурда көп катталып жаткан оорулардын бири көк жөтөл оорусу экенин, андыктан шаардагы мечит жамааттарына бул жаатта толук түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтып, вирустун жугуу жолдору жана коргонуу боюнча маалымат берди.