Ош: Жума намаздарда автоунааларды унаа токтотуучу жайга коюу эскертилет

Бүгүн, 17-май күнү Ош шаардык мусулмандарынын казыятында Ош ШИИБ боюнча МККБнын башчысы, милициянын подполковниги Нурбек Салымбеков баштаган ИИМ кызматкерлери Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов менен жолукту. 

Жолугушууда жол кырсыктарынын алдын алуу, Ош шаарындагы жол тыгындарынын себептерин талкуулап, алдыда биргеликте иш алып барууну сүйлөшүштү.  Нурбек Салымбеков учурда жол кырсыктарынын көбөйүүсүн жана шаар ичинде жол тыгындарынын алдын алуу максатында казыят менен эки тараптуу иштешүүнү айтып, биргелешкен иш-чараларды уюштуруу пландалып жатканын айтты. 

«Ар бир адам өзүн сыйласа, өзгөдөн сый көрөт» демекчи, жума намаздарда айдоочулар унааларын жолдон четирээк же болбосо атайын унаа коюучу жайларга койсо, жол тыгындары пайда болбойт эле”, – деди Нурбек Салымбеков.

Ал эми шаар казысы Ош шаарындагы жалпы жума окулган мечиттерде имамдар жума баяндын бир бөлүгүн унааларды унаа токтотуучу жайларга токтотуусу керектиги айтыларын жана жол тыгындарга себепкер болбоо эскертилерин билдирди. Ошондой эле калаа мусулмандарынын казысы Ош ШИИБ боюнча МККБнын башчысы, милициянын подполковниги Нурбек Салымбековго ийгилик каалап, жогоруда айтылган маселер боюнча биргеликте иш алып барууга дайыма даяр экенин кошумчалады.