Чолпон-Атада диндердин өнүгүү тарыхы сабагынан сынак өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Абдыразаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде шаардын 7-8-9-класстын окуучулары арасында диндердин өнүгүү тарыхы сабагынан сынак өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага Чолпон-Ата шаарындагы «Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа (с.а.в.)» атындагы мечитинин имамы Абыл Асанов, чиркөө кызматкери жана мугалимдер катышты. Сынактын максаты мектеп окуучуларынын сабакты өздөштүрүүсү, туура түшүнүүсү, диндердин тарыхый таржымалын, диндердин түпкү маанисин туура түшүнүүсүн жогорулатуу болуп саналды.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы, Чолпон-Ата шаарынын мэриясы тарабынан атайын даярдалган баалуу белектер жана жалпы катышкан окуучуларга китептер тапшырылды. Абыл ажы Асанов сынактын соңунда катышуучу окуучуларга адеп-ахлак, ынтымак, жакшы мамиле, биримдик жана илим-билимдин маанилүүлүгү тууралуу баяндама жасады.