Ч.Айтматов районунун имамдарына кварталдык жыйын өткөрүлдү

Талас облусунун Ч.Айтматов районунун жалпы имамдарына кварталдык жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев баштаган казыят кызматкерлери, район хатиби Ислам ажы Куматаев жана жалпы имамдар катышты.

Жыйындын жүрүшүндө алгач беш айда аткарылган иштердин маалыматы айтылды. Район ичинде кагаз иштери даярдалып, эсептик каттоого жөнөтүлүп жаткан мечиттердин иш кагаздары такталып, жооптуу имамдарга тапшырмалар берилди.

Облус казысы өз сөзүндө, «Баарыбыз дин кызматында жүрөбүз. Кудайым ишибизди жеңил кылсын. Имамчылык кызмат бизге аманат. Андыктан элибизге татыктуу кызмат кылалы. Артыбызда турган элибиз ыраазы болсо, кудайым бизге ыраазы болот», – деп билдирди.

Жыйын соңунда имамдардын суроолоруна жооп берилип, жалпыга дуба кылынды.