Ош шаарынын казысы жалпы имамдарга жыйын өткөрдү

Бүгүн, 17-май күнү Ош шаардык мусулмандарынын казыятында жалпы мечит имамдарына жыйын өткөрүлдү. Жыйын жүрүшүндө Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов имамдарга коюлган талаптар, намазга өтүүдө селде, чепкен менен таза кийимде өтүү шарт экенин айтты.

Ошондой эле жума окулган мечиттерде муфтияттан, казыяттан берилген тапшырмаларды аткарууда активдүү, так аткаруусун айтып, жума баяндарын муфтият тарабынан бирдиктүү түзүлгөн темалар боюнча айтылышын эскертти.

«Бүгүнкү күндө коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөргө биринчилерден болуп, биз, имамдар түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек. Жарандардын көпчүлүгү жумага келет. Жумада айтып жеткирсек болот. Аны менен катар азыркы күндө унаалардын көптүгүнөн жол тыгындары пайда болуп жатат. Бул боюнча да жума баяндарда айтып түшүндүрүү керек”, – деди Мирланбек ажы Токтомушов.