Дастан ажы Мамаев: «Кандай мансапка жетсеңер да, адамгерчиликти сактап жүргүлө»

Бүгүн, 17-май күнү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев аталган райондун Кеңеш айылындагы Ж. Акматалиев атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолугушуп, аларга «Илим алуунун зарылдыгы» тууралуу баяндама жасады.

«Учурда технология өнүгүп келе жаткандыктан, адамдын күчү менен эмес, акылы менен иштөө талап кылынууда. Бара-бара да кара жумуш иштерин техника, роботтор аткарып, инсандарга муктаждык болбой калса да, илим ээлерине иш табыла берет. Ошол себептен илим алууга болгон кызыгууну арттырып, талыкпай изденгиле. Бирок бир нерсени эстен чыгарбоо керек; адамгерчиликтүү болуу. Кандай мансапка жетсеңер да, адеп, жакшы сый-урмат, адамгерчиликти сактап жүргүлө», – деди баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев.

Айта кетсек, өткөрүлгөн лекцияга мектеп жетекчилиги, мугалимдер жана мектеп окуучулары катышты.