Өзгөндө дин кызматкерлери менен жол коопсуздук кызматы биргеликте иш алып барат

Бүгүн, 17-май күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Өзгөн районунун жол коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен жолугушуп, биргеликте иш алып баруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Жолугушууда учурда өлкөбүздө катталып жаткан жол кырсыктарын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы айтылып, бул түшүндүрүү иштеринде дин кызматкерлери жакындан жардам берүүсү боюнча сүйлөшүлдү. Өзгөчө 25-май күнү мектеп окуучулары айдоочулук күбөлүгү жок эле унаа айдагандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө дин кызматкерлери менен жол коопсуздук кызматы биргеликте иш алып бара турган болду.

«Дин кызматкерлери ар дайым өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин амандыгын көздөгөн ар бир иш-чарада өз салымын кошууга кызыкдар. Буйруса жаштарыбызга, алардын ата-энелерине жума баяндарында, жыйында, той-аштарга бир катар эскертип өтөбүз. Албетте бул баарыбыздын коопсуздугубуз үчүн маанилүү», – деди баш имам-хатиб Акжол ажы Бакиров.