Исак ажы Юнусов Кара-Суу районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды

Бүгүн, 17-май күнү Исак ажы Юнусов Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды. Аталган буйрукка Ош облусунун казысы Абибилла ажы Кадырбердиев кол коюп, жаңы баш имам-хатибди казы орун басары Абдималик ажы Турсунбеков жамаатка тааныштырды.

Исак ажы Юнусов тууралуу:

Ал 1976-жылы 25-августь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Алгабас айылында туулган.

Билими:

1994-2000-ж.ж. «Абдыжапар» атындагы ислам институтунда окуп бүтүргөн.

Эмгек тажрыйбасы:

2001-2005-ж.ж. Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндөгү «Алгабас» мечитинин имамы;

2006-2012-ж.ж. Кара-Суу районунун баш имам-хатибинин 1-орун басары;

2012-2015-ж.ж. Ош эл аралык аэропортунда жайгашкан «Абу Бакр Сыддык» мечитинин имам-хатиби;

2015-2019-ж.ж. Ош шаарынын борбордук «Имам Аль-Бухарий» мечитинде наиб имам;

2019-2023-ж.ж. Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам-хатиби;

2023-2024-ж.ж. Ош шаарынын казысынын орун басары.