Исак ажы Юнусов Кара-Суу районунун акими менен жолугушту

Бүгүн, 17-май күнү Кара-Суу районунун жаңы дайындалган баш имам-хатиби Исак ажы Юнусов Кара-Суу районунун мамлекеттик админстрациясынын башчысы-аким Темирболот Абыкеев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө биргеликте калкка кызмат кылуу, имамдардын ишмердүүлүгүнө көңүл буруу, ханафиликке бекем болуу жана башка бир канча маанилүү иштерди биргелешип аткаруу планы бар экендиги айтылды.

Зыярат соңунда район акими жаңы дайындалган баш имам-хатиб Исак ажы Юнусовду куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.

Жолугушууга Кара-Суу шаарынын мэри Майрамбек Тентимишов, Ош облусунун казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков, казыяттын бухгалтери Сулейман ажы Шерматов, кадр жана катчылык адиси Ибрагим Ильяс уулу катышты.