Абдималик ажы Турсунбеков Кара-Суунун борбордук “Достук” мечитинде эл менен жолугушту

Бүгүн, 17-май күнү Ош облусунун казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков Кара-Суу районунун борбордук “Достук” мечитинде жума баян өттү.

Жума кутпасында “Маркумду акыркы сапарга узатуудагы жана той-аштардагы ысырапкерчиликтин алдын алуу”, “ысыраптын коомдун социалдык абалына тийгизген зыяндары” темасында сөз сүйлөп, элди сарамжалдуу болууга чакырды.

“Куран-и Каримде: “Жегиле, ичкиле бирок ысырап кылбагыла! Анткени Ал (Алла Таала) ысырап кылуучуларды жакшы көрбөйт” деп айтат. Демек Кудайдын ыраазылыгына жетүү үчүн күнөө иштерден оолак болуу керек. Макумду акыркы сапарга узатуу да өз нугу менен болгону жакшы. Анткени карыз алып маркумду акыркы сапарга узатуу шариятыбыз да, салтыбыз да колдобогон жат көрүнүш», – деди Абдималик ажы Турсунбеков.

Казы орун басары жума баянынын соңунда жаңыдан дайындалган Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Исак ажы Юнусовду элге тааныштырды.