Нарында баш имам-хатибге үй белек кылынды

Нарын шаарынын мырзалары Нарын шаарынын жана районунун баш имам-хатибине үй тапшырышты. Бул тууралуу Нарын казыятынан билдиришти. Облустук казыяттан билдиришинче, ар жылдын кеч күзүндө жана эрте жазында Нарын шаарындагы муундар арасында «Ынтымак» оюну уюштурулуп келет.

Бул ынтымак оюнунун максаты Нарын шаарындагы улуу муун, орто муун жана жаш муундардын ынтымагын бекемдөө менен биргеликте Нарын шаарынын өсүп-өнүгүшүнө аз болсо да колдоо көрсөтүү болуп саналат. Ошону менен бирге жылына эки жолу көп балалуу же аз камсыз болгон адамдардын жашоосуна кубаныч тартуулоо максатында ак өргө тапшыруу салтка айланып калган.

Быйылкы жаз оюндарынын уюштуруучулары 1972-1982-1992-2002-жылы туулган мырзалар Нарын шаары жана районунун баш имам-хатиби, жети баланын атасы Рустам Чыровго төрт бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырышты.

Тапшыру аземине Нарын облусунун мусулмандарынын казысы Эрик Молдокулов жана уюштуруучулар катышып, каалоо-тилектерин айтуу менен баш имам-хатибдин үйүнүн лентасын кесип, астанасын аттап, ак батасын беришти.