Аноркулов Мухаммад Орунбаевич Азирети Муфтийдин орун басары кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койду.
Аноркулов Мухаммад Орунбаевич 1971-жылдын 2-январь күнү Баткен облусунда жарык дүйнөгө келген.
БИЛИМИ:
1978-1989-жж. Ломоносов атындагы орто мектебин аяктаган;
1989-1991-жж. Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;
1992-1997-жж. Кадамжай районуна караштуу Айдаркен шаарчасындагы «Азирети Али» атындагы диний окуу жайды кызыл диплом менен аяктаган;
2014-2019-жж. Бишкек шаарындагы Кыргызстан Ислам университетинин «Араб тили жана шариат» адистиги боюнча билимин жогорулаткан.
ЭМГЕК ЖОЛУ:
1998-1999-жж. Ысык-Көл облусунун мусулмандар казыятында фатва бөлүмүнүн адиси;
1999-2004-жж. Ысык-Көл облусунун Чоң Ак-Суу медресесинде мүдүрдүн орун басары;
2004-2005-жж. Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары;
2005-2009-жж. Каракол шаарынын баш имам-хатиби;
2009-2013-жж. Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысынын жана имам-хатибинин орун басары;
2013-2014-жж. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Ажылык жана Умра бөлүмүнүн башчысы;
2014-2024-жж. Бишкек шаардык казыятына караштуу Октябрь районунун баш имам-хатиби жана борбордук мечиттин имам-хатиби.
Үй-бүлөлүү, 6 уулдун атасы.