Ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө штабдын кезектеги жыйыны өтүп, курмандык маселеси талкууланды

Бүгүн, 7-июнь күнү Сауд Араб Падышалыгынын Мекке шаарында 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын кезектеги жыйыны өткөрүлдү. Жыйында ажылыкка кызмат кылуу, курмандык маселеси жана нарктамасы талкууланды.
«Ажылык исламдагы өтө чоң ибадат. Беш түркүктүн бири. Андыктан мекендештерибиз улуу максат коюп, бир өмүрдө бир жолу аткаруу фарз болгон ажылыкты орундатуу үчүн ат арытып, жол карытып ыйык жерлерге келишти. Аларды ар убак коштоп, ибадат боюнча так маалымат берип туруу керек. Анткени бул жерде эки дүйнөлүк жоопкерчилик бар. Ажыларыбыз ажылыктын касиетин сезип, руханий жактан арууланып, өмүр бою таасири тиер ибадатты аткарышы керек. Ушул ыйык жерлерден адеп-ахлагы жакшырып, мыкты инсанга айланып кайтышы зарыл», – деп билдирди ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө штабдын жетекчиси Самидин кары Атабаев.
Ал эми УКШнын алдындагы курмандык боюнча жооптуу, КМДБнын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов курмандык боюнча буларга токтолду:
«2022-жылдан баштап курмандык чалууну көчмө штаб колго ала баштаган. Анткени ажылар тарабынан арыздар келип, кээ бир күмөндүү жагдайлар боюнча маалымат түшүп турган. Ошентип курмандык чалууну шарият талабындай орундатуу жана ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча реформалык кадамдар жасалып, системалаштырыла баштады. Мунун баары Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн болуп жатат. Ишенбегендер болсо базар баасын, курмандык чалчу жерди текшерип же койлорду көрүп келсе болот. Алланын да, ажылардын да алдында жүзүбүз жарык», – деди БТК төрагасы.
Нурдинов өз сөзүндө курмандык чалуу иштерин жөнгө салуу жана тартиптештирүү боюнча курамына укук коргоо органдары да кирген мекемелер аралык комиссия иштеп жатканын, аталган комиссия САПка келип конкурс өткөргөнүн, талапка жооп бере турган фирманы тандап алганын айтып, быйылкы курмандыктын наркы 200 АКШ доллары болуп чечилгенин кошумчалады.
Жыйындын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун казысы, УРШ өкүлү Ниматулла ажы Жээнбеков да сөз сүйлөп, ыйык жайларга жеткирген Алла Таалага чексиз шүгүр айтуу зарылдыгын, ажыларга ибадат боюнча жетиштүү маалымат берүү керектигин билдирсе, УРШнын дагы бир мүчөсү Абдували ажы Акматов ибадат графиктери, ажы башчылардын жоопкерчилиги жана улуу ибадатка кызмат кылуунун пазилети боюнча токтолду.