Аноркулов Мухаммад Орунбаевич Азирети Муфтийдин орун басары кызматына дайындалды

Аноркулов Мухаммад Орунбаевич  Азирети Муфтийдин орун басары кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койду.

Аноркулов Мухаммад Орунбаевич 1971-жылдын 2-январь күнү Баткен облусунда жарык дүйнөгө келген.

БИЛИМИ:

1978-1989-жж. Ломоносов атындагы орто мектебин аяктаган;

1989-1991-жж. Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;

1992-1997-жж. Кадамжай районуна караштуу Айдаркен шаарчасындагы «Азирети Али» атындагы диний окуу жайды кызыл диплом менен аяктаган;

2014-2019-жж. Бишкек шаарындагы Кыргызстан Ислам университетинин «Араб тили жана шариат»  адистиги боюнча билимин жогорулаткан.

ЭМГЕК ЖОЛУ:

1998-1999-жж. Ысык-Көл облусунун мусулмандар казыятында фатва бөлүмүнүн адиси;

1999-2004-жж. Ысык-Көл облусунун Чоң Ак-Суу медресесинде мүдүрдүн орун басары;

2004-2005-жж. Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары;

2005-2009-жж. Каракол шаарынын баш имам-хатиби;

2009-2013-жж. Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысынын жана имам-хатибинин орун басары;

2013-2014-жж. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Ажылык жана Умра бөлүмүнүн башчысы;

2014-2024-жж. Бишкек шаардык казыятына караштуу Октябрь районунун баш имам-хатиби жана борбордук мечиттин имам-хатиби.

Үй-бүлөлүү, 6 уулдун атасы.