Ажылардын Ош-Жидда багыты боюнча акыркы реиси аткарылды

Бүгүн, 8-июнь күнү Ош эл аралык аэропортунан ажылардын Ош-Жидда багыты боюнча акыркы тобу Жидда шаарына учуп кетти. Бул боюнча Ош шаардык казыятынан маалымдашты.

Быйылкы жылы Ош эл аралык аэропортунан жалпы 4208 жаран ажылык сапарына узатылып, аларды узатып-тосуп алууга штаб тарабынан жооптуу болуп Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов дайындалган.
Шаар казысы Мирланбек ажы Токтомушов Ош шаарынан учкан ажылардын баары жакшы маанайда учуп кетишкенин, алардын ичинен визасы чыкпай калып же болбосо учпай калгандар болбогонун, жалпы 8 күн аралыгында ажылардын баарын аман-эсен узатып алганын айтты.
Мирланбек ажы Токтомушов 2023-жылы дагы ажыларды узатып-тосуп алууга жоопту болуп дайындалган.
Айта кетсек, ажылардын акыркы тобу 10-июнь күнү Бишкек-Жидда багыты боюнча учуп кетиши күтүүдө. Бул соңку реисти Flynas авиакомпаниясы тейлейт. Ал эми Ош-Жидда жана Ош-Медина багыттарын Jazeera авиакомпаниясы тейлеп, жалпы 24 группаны ташыды.