Жаңы келген ажы башчыларга жыйын өтүлүп, нускамалар берилди

Бүгүн, 8-июнь күнү Сауд Араб Падышалыгынын Мекке шаарында 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын кезектеги жыйыны өткөрүлдү. Жыйналыш кереметтүү Куран менен башталып, штаб төрагасы Самидин кары Атабаев алып барды.

Жыйын Меккеге жаңы келген ажы башчыларга багытталып, ажылык тартиптери, графиктер жана курмандык боюнча нускамалар берилип, милдеттер жүктөлдү.