Самидин кары Атабаев Меккедеги ажыларга сабак өттү

Бүгүн, 9-июнь күнү 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө штабдын төрагасы Самидин кары Атабаев Мекке шаарындагы Азизиййе районунда жайгашкан «Якуб-бек» вакфына караштуу №7 конок үйүндө кыргызстандык ажыларга сабак өттү. Штаб башчы лекциясында ажылыктын пазилеттери, артыкчылыктары, шарттары, фарздары жана важибдери боюнча маалымат берди.
«Ислам дининин бардык ибадаттарынын маңызында адеп-ахлак бар. Ошол эле намаз, ошол эле орозо, ошол эле зекет, мына алдыбызда турган ажылык дагы инсанды адеп-ахлакка тарбиялайт. Ошончо жерден мусапыр болуп келип, тыйын коротуп, ысыкта кыйналып жатабыз. Бул нерселер текке кетпеши керек. Ажылык адамды оңдой турган, адеп-ахлакты кооздой турган ибадат. Ажылык – бул мектеп. Бул куттуу жерден тарбияланып, бир өмүргө жетер руханий азык алып, күнөөлөрдөн арылып, тазаланып, арууланып кайтууну Алла Таала баарыбызга насип кылсын», – деди Самидин кары Атабаев.
Айта кетсек, Мекке шаарына келген кыргызстандык ажыларга пландуу түрдө атайын сабактар өтүлүп, ажылык ибадатынын эреже-тартиптери түшүндүрүлүүдө.