Кадамжай шаарындагы борбордук “Ал-Бухари” мечити оңдолууда

Кадамжай райондук хатибиятынын демилгеси менен жеке ишкерлердин колдоосу,  ошондой эле жергиликтүү жашоочулардын катышуусунда Кадамжай шаарындагы Ал-Бухари борбордук мечитин оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Кадамжай районунун баш имам хатиби  Аскарали ажы Мирзаевдин айтымында мечиттин ичи толугу менен кооздолуп, коопсуздук үчүн көзөмөл камералары орнотулган.