Ош облустук казыяты райондук хатибияттар ортосундагы байланышты бекемдөө максатында спорттук турнир өткөрдү

Ош облустук мусулмандар казыяты Араван районунда хатибияттар арасында  спорттук турнир өткөрдү. Иш чарага райондун имам хатибтери, имамдар жана облус казысы Самидин каары Атабаев катышты. Спорттук иш чара хатибияттар арасындагы  ынтымакты, достукту жана тажрыйба алмашууну бекемдөө максатында уюштурулду.

Спорттук турнирдин жыйынтыгында  Кара-Кулжа районунун имамдары биринчи орунду, Ноокат районунун имамдары экинчи орунду, Өзгөн районунун имамдарына үчүнчү орунду ээлешти.