Ош шаарындагы №46 орто мектептин окуучуларына билимдин маанилүүлүгү боюнча атайын лекциялар окулууда

Ош шаарындагы Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам хатиби Мирланбек ажы Токтомушов №46 орто мектептин жыйындар залында өткөн иш чарага катышып, жогорку класстын окуучуларына “Исламда илим алуунун орду” темасында лекциясын окуп берди. Иш чара Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана “Личность” коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, ага мектеп жетекчилиги катышты.

Иш чара алкагында илим алганга аттанган адам адеп-ахлакка көңүл буруусу керектиги, билим алып жаткан учурда мугалимди сыйлоо маанилүү экендиги баса белгиледи.  Лекциянын акырында окуучулар өздөрү кызыккан  суроолорун беришип, адистерден жоопторду алышты.