Сузак районундагы Аиша Сиддика кыз-келиндер медресесинде “Инфекиялык оорулар” темасынын алкагында ачык сабак өттү

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Аиша Сиддика кыз-келиндер медресесинде “Инфекиялык оорулар” темасынын алкагында  ачык сабак уюштурулду. Ачык сабакка КР саламаттык сактоо министрлигине караштуу ден соолукту чыңдоо борборунан Жамила Эриковна, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, “Мутакалим” аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Фронтбек кызы Жамал жана казыяттын окуу бөлүмүнүн адиси Арпидин ажы Жороев катышып, жугуштуу оорулардын алдын алуу жана сактануу боюнча маалыматтарын беришти.

Муну менен катар бул күнү КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы №394 токтому менен бекитилген 2017-2022-жылдарга Кыргыз Респбуликасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү программасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык жана Азирети Муфтийдин бекиткен иш планынын 2.1 пункутун иш жүзүнө ашыруу максатында экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө маалыматтык –түшүндүрүү профилактикасынын алкагында атайын лекция окуду.