Саид Баюми Арал айылындагы мечитти толугу менен оңдоп берди

Сокулук районунун Арал айылындагы мечит айыл имамы Айдар Кабуловдун демилгеси менен ондолду. Мечиттин оңдолушуна «Асанабил» фондунун мүдүрү Саид Баюми  тарабынан колдоо көрсөтүлүп,  жарандар үчүн бардык шарттар каралды.

«Жергиликтүү эл мындай соопту ишке салым кошуу максатында мечиттин шамчырактарын толугу менен алмаштырып берди. Кимде-ким мечитти тазаласа, Алла  Таала анын ички дүйнөсүн тазалайт. Сыртыбыздан абдан таза, жакшы көрүңгөнүбүз менен  ички дүйнөбүздүн кандай экенин Алла  Таалам Өзү гана билет», — деди айыл имамы Айдар Кабулов.