Чүй облусунун Гроздь айылындагы мектепте ата-энелер үчүн жыйын өтүп, аларга терс диний агымдар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов Гроздь айылындагы мектептин жыйындар залында мектеп окуучуларына өткөн «Терроризм жана радикалдык экстремизмге каршыбыз» аталышындагы жыйынга катышты. Иш чарага ата-энелер, райондук администрациядан Аман Адашпасов, этностор аралык маселелер боюнча жоопту катчы Айдар Кыдыралиев, айылдык тескөөчү  жана мектептин мугалимдер катышып, азгырыктардын алдын алуу, балдарды билимге тартуу маселелери каралды.

«Иш чара алкагында алгач жаш муун, ошондой эле катышуучуларга терроризм жана радикализм туурасында түшүндүрүү ишин жүргүздүк. Ошону менен катар алардын терс кесепети жана сак болуу зарыл экендигин айтып бердик»,-деди Абдурахман ажы Анаркулов.

Муну менен катар бул күнү балдарды билимге кызыктыруу жана заманбап техникаларды жасоого үйрөтүү керектиги айтылып, эң башкысы жаштарды туура жолго кадам таштатуу зырылдыгы баса белгиленди.