Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен дин кызматкерлери биргиликте жыйын өткөрүп, экстремизм, терроризмдин алдын алууну талкуулашты

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен дин кызматкерлери биргиликте  радикализим, экстремизм, терроризмге каршы күрөшүү боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга Нарын районунун айыл өкмөттөрү, дин иштери боюнча мамлекеттик коммисиясынын Нарын облусундагы өкүлү Айсалкын Карасартова жана Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек Орозалив катышып, коомчулукту ар кандай терс диний агымдардан оолак болууга, жаштарды адептүүлүккө, маданияттуулукка, ыймандуулукка чакыруу керектиги айтылды.