Түп районунун Фрунзе айылында 300 адамга ылайыкталган мечит ишке берилди

Түп районунун Фрунзе айылында 300 адамга ылайыкталган мечит ишке берилип, ага «Ар-Рошид» кайрымдуулук фондунун жетекчиси доктор Каид демөөрчүлүк кылган.   Мечит толук шарты менен курулуп, салтанаттуу ачылыш аземге Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев, айыл өкмөт кызматкерлери, райондун акими жана айыл тургундары менен айыл аксакалдары катышты.

 «Мечит- Жараткан Алла Тааланын үйү. Мечитти урматтап, сыйлап, элибизди ар кандай терс багыттагы диний агымдардан оолак болууга үндөп, жаштарыбызды ыйманга, адеп-ахлакка чакыруубуз  зарыл»,-деди Бакыт ажы Кайкиев.

Келген коноктор мечиттин салынышына өз салымдарын кошкон фонддун жамаатына, жетекчилигине ыраазылыктарын айтып, жергиликтүү жашоочуларды жаӊы мечиттин ачылышы менен куттуктап, калкты биримдикке, ынтымакка жана достукка чакырышты.