Ош шаарынын мусулмандар казысы №2024 аскер бөлүгүндөгү жоокерлер менен жолугушту

Ош шаарынын мусулмандар казысы  Убайдулла ажы Сарыбаев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын №2024 аскер бөлүгүндөгү жоокерлер менен жолугушту.  Жоокерлер менен болгон жолугушууда паракорлуктун кесепети жана анын шарияттагы орду, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча баяндама жасады.

Аталаган жолугушууга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын Ош областы боюнча башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары, штаб башчысы А.Сейдалиев жана №2024 аскер бөлүктүн кызматкерлери катышты. Жолугушуу суроо-жооп менен коштолуп, ар бир суроого шаар казысы жооп берди.