Исламдагы беш парздын бири болгон Зекет маселеси жана анын тартиптери жана өлчөмү

Алла Таала ыйык Куранда, Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) өзүнүн хадистеринде, колунда бар киши мусулмандарга зекет берүүсүн буюруган.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы бир жылдык мөөнөт менен зекет берүү тартибин карап чыгып, төмөндөгүдөй чечим кылат:

  1. Ар бир мусулман пенденин байлыгы Ислам шариятында көрсөтүлгөндөй зекет (нисабына) өлчөмүнө жетип, колунда кармалып бир жыл толсо, ал мусулманга зекет берүү парз болот.
  2. Зекетке ошол байлыктын кырктан бир (40/1) бөлүгү башкача айтканда 2.5% берилет.
  3. Зекеттин (нисабы) өлчөмү алтын эсебинде 20 (мискалга) алтынга барабар. 20 мискал орто эсеп менен 85 грамм алтынга туура келет. Ал эми күмүштүн өлчөмүнө караганда 612,36 граммга туура келет. Кыргызстанда 1 грамм (жасалга болбогон-лом) алтындын орточо баасы 1500 сом. Ал эми 1 грамм уюутулган күмүштүн баасы  36 сом.

Жыйынтыгында:

Алтын баасында эсептегенде: 85 грамм алтынды (орто эсеп менен)  1500 сомдон эсептегенде  127 500  сом болуп, анын кырктан бири  3187 сом. (Эгер АКШ доллары менен эсептегенде 1.822 доллар болуп, анын кырктан бири 45 доллар).

Күмүш баасында эсептегенде: 612,36 грамм күмүштү (орто эсеп менен)  36 сомдон эсептегенде 22 044 сом болуп, анын кырктан бири  551 сом. (Эгер АКШ доллары менен эсептегенде 316 доллар болуп, анын кырктан бири 8 доллар).

Жогоруда аталаган зекет төрт нерседен берилет: Алтындан, күмүштөн, нак акчадан, товарлардан (соода сатык ниетинде сатып алынган буюмдар).

  1. Мал жандыктарынын зекети төмөндөгүчө берилет:

а) Уйдун зекети.  Ар бир мусулман пенденин бодо малы 30 (отуз) уйга жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, ошондо  бир жаштан ашкан  кунаажын зекет катары берилет.

б) Кой, эчкинин зекети. Ар бир мусулман пенденин  майда малы 40 (кырк) койго же 40 (кырк) эчкиге жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, ошондо  бир кой же бир эчки зекет катары берилет.

в) Төөнүн зекети. Ар бир мусулман пенденин төөсү 5 (беш) төөгө жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, бир кой зекетке берилет.

г) Жылкынын зекети. Ар бир мусулман пенденин күнүмдүк жашоого колдонулбаган, алты айдан ашык жайытта багылган  жылкыларынан зекет берилет. Ар бир жылкыга  бир динар (4.25 грамм алтын же 6375 сом) берилет, же жылкынын баасынын кырктан бири зекетке берилет.

Бул  мал жандыктардын зекетинин өлчөмүнүн  башталышы. Мал көбөйгөн сайын зекет эсептери өзгөрөт.

Эскертүү: Зекет күнүмдүк турмушта керектелүүчү нерселерге (үй, унаа, кийим-кече, тамак-аш, идиш-аяк ж.б.) берилбейт.

Зекет берүүчү адам зекетти алтындын баасында чыгарабы же күмүштүн баасындабы өз ыктыяры. Бей-бечера муктаждардын пайдасы үчүн күмүштүн баасында чыгаруусу абзел.