Нарын казыяты жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте 33 мектепте түшүндүрүү иштерин жүргүздү

2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасынын алкагында Нарын облустук мусулмандар казыятынын кызматкери Сейит Исаев Кочкор районунун прокурору Нуралиев Кубанычбек, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Аруунов Эрлан, Адеп-Башатынын коомдук прогрессивдүү уюмунун адиси Бекташев Өмүр, Кочкор райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Иманалиева Канымбүбү, Кочкор райондук Кургак учукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Эсеналиева Айнура, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын адиси Акимов Алишерлер менен биргеликте жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө, маданияттуулукка тарбиялоо максатында Кочкор районундагы  33 мектепте  лекция өткөрүштү.

Иш-чара алкагында терс көрүнүштөргө бөгөт коюу жана окуучулар, ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери каралды.